KELECHEK

Грецияда катуу шамаалдан чет өлкөлүк туристтер ажал тапты

Грецияда катуу шамаалдан чет өлкөлүк туристтер ажал тапты

Грециянын түндүк-батышындагы Халкидики жарым аралында катуу шамаалдан кеминде эле алты турист өлдү, алардын экөө – орусиялык. “Рейтер” агенттиги кабарлагандай, Неа-Потидея аймагындагы мейманканадан алыс эмес жерде бир киши жана анын эки жаштагы уулуна бак кулаган.

Греция басылмалары ажал тапкан туристтердин арасында Чехия жана Румыния жарандары бар экенин жазышууда. Алдын ала маалыматтар боюнча шамаалдан чехиялык жубайлардын автоунаасы оодарылып кеткен. Неа-Плагия шаарчасындагы ресторандын чатырынын бир бөлүгү кыйрап, румыниялык аял жана анын сегиз жаштагы уулунун үстүнө түшкөн.

Катуу бороондун кесепетинен жүздөн ашуун киши ар түрдү жараат алды. Жергиликтүү бийлик жарым аралга өзгөчө кырдаал киргизди.

Мөндүр, бороон коштогон аба ырайы Грециядагы 40 градус ысыкты алмаштырды. Испаниянын түндүгүндө, Франциянын түштүгүндө, Италияда жана бир катар балкан өлкөлөрүндө да катуу шамаал болду.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Издөөдө жүргөн шектүү кармалды

Издөөдө жүргөн шектүү кармалды

2020-жылдын 8-мартынан 9-мартка караган түнү 02:00 чамаларында Жалал-Абад шаарындагы эс алуучу жайлардын...

Өзбекстанда үч айлык баласын батирге алмаштыргысы келген аял кармалды

Өзбекстанда үч айлык баласын батирге алмаштыргысы келген аял кармалды

Өзбекстандын Навои облусунда үч айлык баласын үч бөлмөлүү батирге алмаштырууну көздөгөн аял...

Жалал-Абадда өзүн өрттөгөн жигит каза болду

Жалал-Абадда өзүн өрттөгөн жигит каза болду

Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасы.

Ушул жылдын 25-майында Сузак районундагы айылдардын...

Жалал-Абадда депутаттын агасын атып кетишти

Жалал-Абадда депутаттын агасын атып кетишти

Жалал-Абад шаары.

Жалал-Абад шаарынын тургуну, 43 жаштагы Сапар Аканов алты жеринен жараат алып,...

Өз өмүрүн кыймакчы болуп көпүрөдөн боюн таштаганы жаткан жаран...

Өз өмүрүн кыймакчы болуп көпүрөдөн боюн таштаганы жаткан жаран...

2020-жылдын 24-май күнү Жалал-Абад ОИИБдин милициянын Кайгуул күзөт кызматынын өзүнчө ротасынын...

Опузалап талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү ...

Опузалап талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү ...

Үстүбүздөгү жылы май айында жүргүзүлгөн ыкчам иштердин негизинде, Ноокен районунун Кочкор-Ата...

Тажикстан: Чек арадагы атышууда тажик чек арачысы жарадар болду

Тажикстан: Чек арадагы атышууда тажик чек арачысы жарадар болду

Чек арадагы Ак-Сай айылы.

24-майда кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууудан Тажикстандын чек...