KELECHEK
rek

Президент Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстандын парламенттик демократияны бекемдөө боюнча алган багыты уланат

Президент Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстандын парламенттик демократияны бекемдөө боюнча алган багыты уланат

«Кыргызстандын парламенттик демократияны бекемдөө боюнча алган багыты уланат», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-июлда, Швейцариянын Берн шаарында Швейцария Конфедерациясынын федералдык жыйынынын Улуттук кеңешинин төрайымы Марина Кароббио менен болгон жолугушууда.

Мамлекет башчысы эки өлкөнүн ортосунда парламенттер аралык жетишерлик активдүү диалог бар экенин белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков эске салгандай, Кыргызстан Европа Кеңеши жана Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясы менен алакалардын өнүгүшүнө чоң маани берет. 2014-жылдын апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берилген «Демократия боюнча өнөктөш» статусу Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясы менен кызматташууну өнүктүрүүдө жакшы натыйжаларды берди.

Ал ошондой эле Кыргыз Республикасы пикирлердин ар түрдүүлүгүнө, демократияга, мыйзамдын үстөмдүгүнө, адам укуктарын жана негизги эркиндиктерин сактоого негизденген европалык баалуулуктарды толук колдойт.

Маектешүүнүн жүрүшүндө Президент аймактардын жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын ийгиликтүү өнүгүүсү өлкөнүн экономикалык бакубаттуулугунун көрсөткүчтөрүнүн бири болуп саналарын баса белгиледи. Ушуга байланыштуу Кыргызстандын облустары менен Швейцариянын кантондору ортосунда бир туугандык байланыштарды өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттик демократияны өнүктүрүүдө мындан ары кызматташууга даяр экенин билдирди.

Швейцария Конфедерациясынын федералдык жыйынынын Улуттук кеңешинин төрайымы Марина Кароббио Мамлекет башчысы менен өлкөлөр ортосундагы парламенттер аралык кызматташтыкты илгерилетүү маселелерин талкуулоо үчүн жеке мүмкүнчүлүккө кубанычта экенин белгиледи.

Ал демократиялык институттарды мындан ары өнүктүрүү ишинде бийликтин мыйзам чыгаруу бутагынын өзгөчө маанисин баса белгиледи.

«Кыргызстандагы, тагыраак айтканда, адам укуктарын коргоо, пикирлердин ар түрдүүлүгүн камсыз кылуу жана коррупция менен күрөшүү маселелериндеги позитивдүү тенденцияларды канааттануу менен белгилегим келет», — деп белгиледи Марина Кароббио.

Тараптар Кыргызстан менен Швейцария ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү максатында активдүү парламенттер аралык диалогду улантууга өз ара даяр экендиктерин билдиришти

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12