KELECHEK

Казакстан полициясы Борбор күнүндө 100 киши кармалганын тастыктады

Казакстан полициясы Борбор күнүндө 100 киши кармалганын тастыктады

Казакстан ИИМинин башчысы Ерлан Тургумбаев 6-июлда Нур-Султан жана Алматы шаарларында өткөн митинг учурунда 100 киши кармалганын билдирди. Алар түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин бошотулган.

“Настоящее время” телеканалы кабарлагандай, 44 адамга айыппул салынып, административдик камакка алынган.

6-июлда Казакстандын бир нече шаарларында полиция митингге чыккандарды жапырт түрдө кармап кеткен. Алматынын Борбордук стадионунда ондогон адам кармалган. “Азаттыктын” казак кызматынын кабарчысы полиция кызматкерлери атайын унааларга 30 кишини салып кеткенин көргөн.

Нур-Султанда дагы ушундай эле кармоо болгон.

Шымкенттеги Ал-Фараби аянтында полиция 40 кишини кармаган. Полиция кызматкерлери митингде эч кандай ураан чакырбай, тынч турган жарандарды да кармап кеткен.

Казакстанда буга чейин 9-10-июнда да митингдер өткөн. Анда Нур-Султанда жана Алматыда ар кандай эсеп боюнча миңге чукул киши кармалган. Анын 670и алты күндөн 16 күнгө чейин камалса, 115ине айыппул салынган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Казакстанда Сириядан кайтарылган 14 жаран терроризмге шектелүүдө

Казакстанда Сириядан кайтарылган 14 жаран терроризмге шектелүүдө

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети Сириядан кайтарылган 14 жарандын ишин тергеп бүткөнүн...

УКУК 2019-10-18  12:56

«Узтрансгаз» мыйзамсыз тапкан 20 миллион доллар кирешесин...

«Узтрансгаз» мыйзамсыз тапкан 20 миллион доллар кирешесин...

 «Узтрансгаз» ишканасы 2018-жылы жана 2019-жылдын биринчи кварталында чарбалык субъектилерге...

УКУК 2019-10-09  14:43

Душанбеде эки аял милиция кызматкерлери тарабынан кыйноого алынганын...

Душанбеде эки аял милиция кызматкерлери тарабынан кыйноого алынганын...

Майрам Содикова менен Мастона Зайниддинова

Душанбенин тургундары Майрам Содикова менен Мастона...

УКУК 2019-10-09  14:52

Таласта кыз ала качуу жөнүндөгү тасманын таржымалы текшерилүүдө

Таласта кыз ала качуу жөнүндөгү тасманын таржымалы текшерилүүдө

Таластагы кыз алуу качуу боюнча Интернетте тараган тасманын чоо-жайы...

УКУК 2019-10-08  16:36

АКШ Кытай компанияларына санкция киргизди

АКШ Кытай компанияларына санкция киргизди

АКШнын Соода министрлиги Шинжаң жана Кытайдын башка...

УКУК 2019-10-08  17:33

«Азаттыктын» кабарчысына карата мурда токтотулган иш кайра тергелмей...

«Азаттыктын» кабарчысына карата мурда токтотулган иш кайра тергелмей...

 «Азаттык» радиосунун кабарчысы Ыдырыс Исаковго карата мурда токтотулган иш кайра тергелмей...

УКУК 2019-10-03  19:50

Орусияда өзбек жарандарын сабаган полиция кызматкерлери иштен алынды

Орусияда өзбек жарандарын сабаган полиция кызматкерлери иштен алынды

Орусиянын Москва облусунун Балашиха шаарында өзбек жарандарын...

УКУК 2019-10-03  20:02