KELECHEK

Токмоктун тургуну кызына дары сатып алуу үчүн дарыкананы карактады

Токмоктун тургуну кызына дары сатып алуу үчүн дарыкананы карактады

Токмок шаарынын тургуну Замир Кожоканов дарыканадан 350 доллар карактап кеткен. Бирок ал күнөөсүн мойнуна алып, милицияга өзү барган. Ага карабай Замир беш жылга кесилди, мындан тышкары 1000 доллар айыппул төлөөгө милдеттендирилди.

Замирдин айтымында, кызы үчүн дары сатып алууга мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан, уурулукка барган.

Замир Кожокановдун окуясы социалдык түйүндөрдө кызуу талкуу жаратууда. Көптөгөн интернет колдонуучулар сот ишти кайра карап, жазаны жумшартат деп үмүттөнүшүүдө.

Айыпталуучунун апасынын айтымында, ал күнү Замир кызына дары сатып алуу үчүн дарыканага барган, бирок жанында акчасы болгон эмес. Дарыканада ал курткасын күрөөгө калтырууну сунуштаган, бирок сатуучу көнгөн эмес. Замир ал жерге кийинчерээк кайра келип, сатуучуну түртүп, кассадагы 350 долларды алып кеткен. Бирок бир нече күндөн кийин милицияга өзү барган.

Замирдин ишин карап жаткан юристтер доо арыз менен жогорку инстанцияга кайрылышат. Эгер өкүм күчүндө калса, Замирдин үч баласы кийинки окуу жылында мектепке атасы жок барат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Прокурордун жардамчысы 3 миң доллар пара алып жаткан учурда кармалды

Прокурордун жардамчысы 3 миң доллар пара алып жаткан учурда кармалды

Ушул жылдын 13-августунда Токмок шаардык прокурорунун К.Т. аттуу жардамчысы 3 миң доллар пара алып...

Полковник Ниязбековду өлтүрүүгө шектүү киши кармалды

Полковник Ниязбековду өлтүрүүгө шектүү киши кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) «Альфа»...

Росгвардия кызматкери эки жаштагы кызды өлтүрүүгө айыпталууда

Росгвардия кызматкери эки жаштагы кызды өлтүрүүгө айыпталууда

Кемеровдо Росгвардиянын мурдагы кызматкери Андрей Кобылин эки жаштагы...

Казакстандын борбордук бөлүгүндөгү өрт аймагы беш эсеге жайылды

Казакстандын борбордук бөлүгүндөгү өрт аймагы беш эсеге жайылды

Караганды облусунун Каркаралы районундагы өрттүн...

Ташкенттеги жатак абактан соттолуучу качып кетти

Ташкенттеги жатак абактан соттолуучу качып кетти

Болжол менен бир ай мурун Ташкент шаарындагы №51 жатак абактан 43 жаштагы соттолуучусу Олимжон...

Дубайда Тажикстандагы жарандык согушка катышкан талаа командири...

Дубайда Тажикстандагы жарандык согушка катышкан талаа командири...

Дубайда Тажикстандагы жарандык согуш маалында Элдик фронтту жетектеген мурдагы талаа командири...

Алмазбек Атамбаевге бир нече оор беренелер менен иш козголду

Алмазбек Атамбаевге бир нече оор беренелер менен иш козголду

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге бүгүн,...