KELECHEK

Өзбекстанда адамдын жетиле элек клеткаларын сактоочу банк түзүлөт

Өзбекстанда адамдын жетиле элек клеткаларын сактоочу банк түзүлөт

Өзбекстанда Алдыңкы технологиялар борборунун базасында адамдын жетиле элек клеткалары сактала турган банк түзүү пландалууда. Мындай демилгени өлкөнүн Инновациялык өнүгүү министрлиги көтөрүп чыкты.

Маалыматтарга караганда, банк реестри өлкөдөгү профилдик медициналык мекемелерге анемия, онкология сыяктуу олуттуу оорулар менен жабыркаган бейтаптар үчүн жетиле элек клеткалардын үлгүлөрү бар-жоктугу тууралуу маалыматтарды берип турат.

Өлкөнүн Инновациялык өнүгүү министрлигинен билдиришкендей, лейкоз оорусу күчөп, адамдын баш мээси жабыркаган ар бир учурда анын жетиле элек клеткаларын алмаштыруу зарылдыгы келип чыгат.

«Адам үчүн жетиле элек клеткалардын альтернативдүү булагы болуп киндик кан эсептелет. Киндик кан наристе жарык дүйнөгө келгенден кийин алынат. Бул технология донордун баш мээсинин жетиле элек клеткаларын алуу процедурасына салыштырмалуу коопсуз жана көпчүлүк үчүн жеткиликтүү», — деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.

Бүгүнкү күндө дүйнөдө киндик кандын жетиле элек клеткалары сакталган 170тен ашык банк иштейт. Аларда адамдын жеке өзүнүн же донорлордун жетиле элек клеткалары сакталат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Тажикстанда ВИЧ оорулуу балдардын саны көбөйүүдө

Тажикстанда ВИЧ оорулуу балдардын саны көбөйүүдө

Тажикстанда быйыл 130 бала ВИЧ-инфекциясына кабылганы аныкталды, алардын ичинен балдар – 82,...

ДЕН СООЛУК 2019-10-04  15:54

Арыстын тургундары жарылуудан кийин балдардын саламаттыгы...

Арыстын тургундары жарылуудан кийин балдардын саламаттыгы...

2-октябрда Казакстандын Түркстан облусундагы Арыс...

ДЕН СООЛУК 2019-10-03  20:08

Ташкентте пластикалык хирургия клиникасында өлгөн келинди...

Ташкентте пластикалык хирургия клиникасында өлгөн келинди...

Гүлшан Шарифова

24-августта Ташкенттеги пластикалык хирургия жасаган Mont Blanc клиникасында 20...

ДЕН СООЛУК 2019-10-02  20:47

Анжиянда окуучулар жапырт ууланды

Анжиянда окуучулар жапырт ууланды

Өзбекстандын Анжиян облусундагы менчик...

ДЕН СООЛУК 2019-10-02  22:28

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз-тажик чек арасындагы чырдын...

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз-тажик чек арасындагы чырдын...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-сентябрда, Бишкек шаардык №4...

ДЕН СООЛУК 2019-09-18  18:11

Кыргыз-тажик чек арасындагы чатакта эки тараптан 20дай киши жаракат...

Кыргыз-тажик чек арасындагы чатакта эки тараптан 20дай киши жаракат...

Баткендин Лейлек районунда, кыргыз-тажик чек арасындагы атыштан улам Кыргызстан жалпысынан сегиз...

ДЕН СООЛУК 2019-09-17  00:16

Казакстанда ооруканага жаткырылган төрт адамдын күйдүргү диагнозу...

Казакстанда ооруканага жаткырылган төрт адамдын күйдүргү диагнозу...

Казакстандын Жамбыл облусунда ооруканага жаткырылган төрт...

ДЕН СООЛУК 2019-09-17  17:03