KELECHEK
rek

Коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн акчалардын эсебинен мектептерди курууну каржылоо башталды

Коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн акчалардын эсебинен мектептерди курууну каржылоо башталды

2019-жылы Чүй облусундагы, Бишкек жана Ош шаарларындагы 15 мектептин имараттарына кошумча корпустарды куруу үчүн 799,3 млн сом бөлүндү. Финансылык каражаттар коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Бирдиктүү депозиттик эсептен бөлүнүүдө.

Эске салсак, буга чейин Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бир нече мектептерге барган жана алардын абалы менен таанышып, коррупция менен күрөшүүдөн атайын эсепке келип түшкөн каражаттарды Бишкек жана Ош шаарларында жаңы мектептерди курууга же орто мектептердин имараттарына кошумча корпустарды курууга багытталарын убада кылган.

2019-жылдын июлунан тартып, республикалык бюджеттен каржылануучу мектептерди курууну Бирдиктүү депозиттик эсептен каржылоо ачылган. Биринчи траншы 15млн сомду түзөт.

2019-жылга каржылануучу билим берүү мекемелеринин тизмеси бекитилген жана республикалык бюджеттен каржылануучу «капиталдык салымдар» беренеси боюнча каржылоонун көлөмү көбөйтүлгөн.

Финансы министрлиги каржыны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Турак жай-жарандык курулуш департаментинен келип түшкөн өтүнмө боюнча берет. Каражаттар ведомстволор аралык комиссиянын анализинин жыйынтыгы боюнча аныкталган мектептердин кошумча корпустарын курууга багытталат.

Бишкек шаарында: №12-мектеп-гимназия, №69-комплекс-гимназия, №54-орто мектеп, №18-орто мектеп, №59-орто мектеп, №72-мектеп-гимназия, №16-орто мектеп.

Чүй облусунда: Новопавловка орто мектеби, Ат-Башы орто мектеби, Орок орто мектеби, Новопавловкадагы Ч.Айтматов атындагы мектеп, Төмөнкү-Ала-Арча мектеби, Кашка-Суу айылындагы Т. Актанов атындагы мектеп, Новопокровка айылындагы №2 Баранов атындагы мектеп.

Ош шаарында: №7 Нариман мектеп-гимназиясы.

Келечекте каражаттар орто окуу жайлары жетишпеген республиканын бардык аймактарына багытталат.

Эске салсак, Президент коррупция менен күрөшүүнүн натыйжасында келип түшкөн каражаттар үчүн атайын эсеп ачуу жөнүндө Буйрукка 2018-жылдын 16-майында кол койгон, ошол эле жылдын июнунда Бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

Юпитердин гравитация жана магниттик талааларын иликтеп, анын атмосферасына байкоо салган...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-07-05  23:34

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02  12:13

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04  16:32

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07  15:23

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:16

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:26

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абад шаарындагы Экономика  жана  ишкердик университетинде “Ар бир  кесип  ардактуу”...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13  09:30