KELECHEK
rek

Трамп: британ элчисин биз дагы жакшы көрбөйбүз

Трамп: британ элчисин биз дагы жакшы көрбөйбүз

Улуу Британиянын Вашингтондогу элчиси Ким Даррок

АКШнын президенти Дональд Трамп Вашингтондогу британ элчиси Ким Дарроктун ачыкка чыгып кеткен дипломатиялык телеграммалары тууралуу пикирин билдирди.

Жекшемби күнү The Daily Mail британ басылмасы элчи 2017-2019-жылдары Лондонго жөнөткөн телеграммаларын жарыялаган. Анда Ким Даррок Трампты «колунан иш келбеген» жана «тажрыйбасыз» жетекчи деп атаган. Ал Ак үйдүн аппаратындагы жаңжалдарды «бычакташууга» теңеп, «Трамптын саясий карьерасы кадырсыз аякташы мүмкүндүгүн» эскерткен.

Жооп катары Трамп ал телеграммаларды көрбөгөнүн белгиледи. «Эл аралык саясаттагы пикир келишпестиктер — кадыресе эле көрүнүш. Бирок кандай болгондо да британ элчиси өз өлкөсүнө абийир алып келген жок. Биз да аны анча жакшы көрбөйбүз. Мен дагы ал жөнүндө көптөгөн кызыктарды айтып бермекмин, бирок айтпайм», — деди Трамп.

Элчи Даррок Брекзитти активдүү колдогон консерваторлорго жакын адамдардан эмес. CNN элчинин телеграммаларынын жарыяланышынын артында анын ордуна өз кишисин дайындагысы келген брекзиттин жактоочулары турушу мүмкүн деп божомолдоодо.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...