KELECHEK
rek

Обама Клинтондун талапкерлигин колдоду

Обама Клинтондун талапкерлигин колдоду

Демократиялык партиядан АКШ президенттигине талапкер болуп жаткан Хиллари Клинтон жана АКШ президенти шейшембиде шайлоо алдындагы алгачкы митинг өткөрүштү. Анда Кошмо Штаттардын лидери Хиллари Клинтондун талапкерлигин толугу менен колдоду.

Миңдеген демократ-шайлоочулардын алдында сүйлөп жатып Обама Клинтон олуттуу сыноодон өткөнүн билдирди. Анын айтымында, өлкө тарыхында буга чейин мындай билгир талапкер болгон эмес. “Ал келечегибизди өзүбүз аныктай турганыбызга ишенет. Бул үчүн биримдиктүү болушубуз зарыл экенин түшүнүп турат”,-деди Барак Обама.

АКШ президенти митинг учурунда республикачыл Дональд Трамптын ысымын атаган жок. Бирок шайлоочулар өткөн менен келечектин ортосунда тандоо жасашы керектигин кыйытты. Анын көз карашы боюнча болочокко жол баштап бара турган талапкер Хиллари Клинтон болуп эсептелет. “Мен эстафета таякчасын Хиллари Клинтонго берүүгө даярмын, ал илип кетет деп ойлом”,-деди Обама.

Бул жолугушууга бир нече саат калганда АКШ Федералдык тергөө бюросу Демократиялык партиядан президенттикке талапкер Хиллари Клинтон мамлекеттик катчы болуп турган кезде жумуш боюнча кат алышууларга жеке электрондук дарегинен пайдаланганы үчүн кылмыш ичи ачылбай турганын билдирген.

Клинтондун шайлоо штабы маселе чечилгенине кубанычта экенин маалымдады. Ал эми анын атаандашы Дональд Трамп Федералдык тергөө бюросунун чечимин "адилетсиз" деп атады.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52