KELECHEK
rek

Евробиримдик Кыргызстандын билим берүү тармагына 35,7 млн. евро берет

Евробиримдик Кыргызстандын билим берүү тармагына 35,7 млн. евро берет

Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков билим берүү тармагын колдоо үчүн Европа Биримдиги менен 35,7 миллион евролук келишимге кол коюлганын билдирди.

Бул тууралуу 6-июлда Бишкекте Евробиримдиктин тышкы саясат жана коопсуздук маселелери боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини менен жолугушкандан кийин журналисттерге айтты.

Министр Кыргызстан үчүн Евробиримдиктин парламенттик тажрыйбасы абдан маанилүү экенин кошумчалап, 2018-жылы эки тараптуу товар жүгүртүү 1 миллиард долларга жеткенин белгиледи.

6-июлда эки тарап ортосундагы жаңы кызматташтык келишими боюнча сүйлөшүү аяктады. Анда Евробиримдик менен 1999-жылы кол коюлган буга чейинки келишим жаңыланып, учурдагы шартка ылайыкташкан.

Жаңы келишимде саясат, демократия, укуктун үстөмдүгү, адам укуктары, сөз эркиндиги сыяктуу баалуулуктарга өзгөчө көңүл буруу камтылган.

Ал эми тышкы саясат жана коопсуздук тармагында аймактагы туруктуулукту сактоо, чыр-чатактардын алдын алууда биргеликте аракет көрүү келишимде каралган.

Эки тараптын юристтери жана лингвисттери келишимдин текстин изилдеп чыгат. Андан соң ички процедуралардан өтүп, кол коюлат. Чыңгыз Айдарбеков Могерининин Бишкекке сапарын "тарыхый" деп атап, Евробиримдик менен Кыргызстан бизнес форумун өткөрүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын билдирди.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38