KELECHEK

Нигериялык жарандын өлүмү боюнча күбө көрсөтмө берди

Нигериялык жарандын өлүмү боюнча күбө көрсөтмө берди

Милиция Бишкекте нигериялык жаран кабылган окуянын күбөсүн суракка алды. Шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, 25 жаштагы кыз кылмышка шектелип жаткан адам менен ошол учурда телефондон видео аркылуу сүйлөшкөнү анык экенин айтып берген.

Кыздын көрсөтмөсүнө караганда, шектүү адам телефонго чет өлкөлүктү эмес, “Айчүрөк” дүкөнүн тартып жаткан жана чырга себепчи болгон эмес.

Окуя 2-июлда “Айчүрөк” соода борборунун кире беришинде болгон. Интернетте тараган видеодон Нигериянын 34 жаштагы жараны, "Cambridge School" тил үйрөнүү мектебинин мугалими Али Тижжани Абубакар бир адамдын соккусунан жерге кулаганын көрүүгө болот. Кийин ал өзүнө келбей ооруканада каза болгон

Шектүү катары 22 жаштагы жергиликтүү тургун кармалган. Ал милицияга Али Тижжани Абубакар менен кокустан чырдаша кеткенин, экөө мурда тааныш болбогонун айткан. Бишкектин Свердлов райондук милициясы бул окуяга байланыштуу сотко чейинки өндүрүш жүргүзүп жатат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Ноокенде мал уурулук менен алектенген топ кармалды

Ноокенде мал уурулук менен алектенген топ кармалды

Ноокен районунда мал уурулук менен алектенип жүргөн топ мүчөлөрү кармалып, учурда соттун...

ИИМ: Саймаитиге жасалма паспорт Сузакта берилген

ИИМ: Саймаитиге жасалма паспорт Сузакта берилген

Кытай жараны Айеркен Саймаитиге жасалма кыргыз паспортун жаздырып берүү...

Орусияда колледж студенти ок чыгарып, бир киши мерт болду

Орусияда колледж студенти ок чыгарып, бир киши мерт болду

Орусиянын Амур облусунун административдик борбору Благовещенск шаарындагы колледжде студент ок...

Жалал-Абадда террордук уюмдун мүчөсү деп шек саналган адам кармалды

Жалал-Абадда террордук уюмдун мүчөсү деп шек саналган адам кармалды

Жалал-Абадда эл аралык террордук уюмдун мүчөсү деп шек саналган адам кармалды. Бул тууралуу Улуттук...

Казакстандан түтүк аркылуу бензин сордурган топ кармалды

Казакстандан түтүк аркылуу бензин сордурган топ кармалды

Чүй облусунда Казакстандын аймагынан...

Ташкентте акимдин орун басары 5 000 доллар пара менен кармалды

Ташкентте акимдин орун басары 5 000 доллар пара менен кармалды

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Ташкент шаарынын...

Тажикстанда аскерден качкан студент экинчи кабаттан секирип кетти

Тажикстанда аскерден качкан студент экинчи кабаттан секирип кетти

Ахмаджони Амир

Куляб педагогикалык колледжинин студенти күч менен аскерге алып кетүү үчүн...