KELECHEK
rek

Кыргыз Республикасынын Президентинин атына 2019-жылдын 1-жарым жылдыгында жарандардан 8120 кайрылуу келип түштү

Кыргыз Республикасынын Президентинин атына 2019-жылдын 1-жарым жылдыгында жарандардан 8120 кайрылуу келип түштү

Кыргыз Республикасынын Президентинин атына 2019-жылдын 1-жарым жылдыгында (3-январдан 30-июнга чейин) жарандардан 8120 кайрылуу келип түштү. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын ичинде:

— Жазуу жүзүндө (электрондук) кайрылуулар — 6243;

— Коомдук кабылдамаларда кабыл алынган жарандар — 994;

— «Ишеним телефондору» жана кызматтык телефондору аркылуу кайрылган жарандар — 587;

— Коомдук кабылдамаларда маалыматтык-укуктук кеңештерди жана жардамдарды алган жарандар — 163;

— Биринчи радионун «Биринчи кабылдама» берүүсүнүн «түз эфири» аркылуу кайрылган жарандар — 133 түздү.

Жазуу жүзүндө (электрондук) келген бардык 6243 кайрылуулардын 6130у Президенттин Аппаратына, ал эми калган 113 кайрылуу КР Президентинин Ош шаарындагы Коомдук кабылдамасына келип түштү.

Бардык келип түшкөн 6243 кайрылуулардын 4985и (же 79,8%) көзөмөлгө алынды, алардын 4075 аткарылды (81,7%), 910 жарандын кайрылуулары (18,3%) мөөнөттөрүнө жараша аткарылууда.

Натыйжада, көзөмөлгө алынып аткарылган кайрылуудан 140ы толук жана 161и жарым-жартылай канааттандырылган, 180 кайрылуудагы өтүнүчтөр четке кагылып, 3594 жаранга кайрылууларда көтөрүлгөн маселелери боюнча мыйзам чегинде түшүндүрмөлөр берилген.

Калган 1258 кайрылуу (20,2%) маселелеринин тиешелүүлүгүнө жараша тийиштүү мамлекеттик органдарга, КР Өкмөтүнүн областтардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнө, райондук мамлекеттик администрацияларга, мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу органдарына, сот жана укук коргоо органдарынын кароосуна жиберилип, жыйынтыктары боюнча жарандарга жооптор жана түшүндүрмөлөр берүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

6243 кайрылууларды региондор боюнча бөлгөндө, эң көп арыздар, дооматтар жана сунуштар Бишкек шаарынын тургундарынан — 2427 (38,9%) келип түштү. Ал эми, Чүй облусунун жашоочуларынан — 989 (15,8%), Жалал-Абад облусунан — 788 (12,6%), Ош облусунан — 425 (6,8%), Ош шаарынан — 323 (5,2%), Ысык-Көл облусунан — 471 (7,5%), Баткен облусунан — 315 (5,0%), Нарын облусунан — 244 (3,9%), Талас облусунан — 123 (2,0%), КМШ жана башка өлкөлөрдөн — 138 (2,2%) жарандын кайрылуулары катталды.

Көпчүлүк кайрылуулар сот жана укук коргоо органдары — сот, прокуратура, ички иштер органдары, финансы полициясы, улуттук коопсуздук органдары, жазаларды аткаруу кызматынин ишине тиешелүү маселелер боюнча келип түшкөн — 2732 кайрылуу же 43,7%ды түзгөн.

Аткаруу бийлигинин компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча — 1687 кайрылуу келип түшкөн, же 27,7% түзгөн.

Жергиликтүү бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши менен байланышкан кайрылуулар — 788 кайрылуу же 12,6%.

Президенттин ыйгарым укуктарына кирген маселелер — мамлекеттик сыйлыктар, жарандык берүү, мунапыс маселелери боюнча — 276, коргоо, чек ара, мамлекеттик жана улуттук коопсуздук жана тышкы саясат маселелери боюнча — 167 кайрылуу келип түшкөн.

Жогорудагылар менен бирге, Кыргыз Республикасынын Президентинин атына калоо-тилек, ыраазычылык каттар менен 30 жаран, белек сурап 59 бала, Мамлекет башчысынын кол тамгасы менен сүрөтүн сурап 12 чет өлкөлүк жаран, кабыл алуусун сурап 141, Президенттин Аппаратынын жетекчилигинин кабыл алуусун сурап 77 жаран кайрылган.

Ал эми калган 274 жарандын кайрылууларында социалдык-экономикалык жана турмуштагы башка көйгөйлүү маселелер камтылган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13