KELECHEK

Лондон соту Дарига Назарбаеванын уулун күрөөгө бошотту

Лондон соту Дарига Назарбаеванын уулун күрөөгө бошотту

Айсултан Назарбаев

Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин жээн небереси Айсултан Назарбаев 4-июлда өткөн болжолдуу угуулар маалында полиция кызматкерин тиштеп алгандыгы тууралуу маалыматты четке какты. Бул тууралуу Court News UK жаңылыктар сайты билдирди.

Басылманын маалыматына караганда, сот Айсултан Назарбаевди «кийинки соттук угууларга чейин Priory Group ооруканаларынын биринде болуу» шарты менен күрөөгө бошотту. Бул иш боюнча кийинки отурум 2020-жылдын 20-мартына белгиленген.

Назарбаев 5-июнда Росс Сэмбрук аттуу полиция кызматкерине кол салган деп айыпталууда.

«Соттолуучу Тависток көчөсүндөгү батирде болгон. Анда полиция кызматкерлери менен пикир келишпестиктер чыгып, ал офицерлердин бирин тиштеп алган», — деп билдирген 26-июнда прокурор Грегор МакКинли.

Андан мурдараак британ полициясы Айсултан Назарбаев аттуу жаран Лондондогу батирлердин биринде өз жанын кыюуга ниеттенип, полиция кызматкери ага тоскоолдук кылган учурда аны тиштеп алганын билдирген.

Айсултан Назарбаев – Казакстан Сенатынын спикери Дарига Назарбаева менен маркум Рахат Алиевдин баласы.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Азимжан Аскаровдун соту 30-июлга жылдырылды

Азимжан Аскаровдун соту 30-июлга жылдырылды

2010-жылдагы кандуу окуяларга байланыштуу...

УКУК 2019-07-16  14:48

Алматы: камактагы акындын кызы атасын колдогон акция маалында...

Алматы: камактагы акындын кызы атасын колдогон акция маалында...

13 жыл мурдагы Шанырак окуяларынан кийин камакка алынган акын жана диссидент Арон Едигеевдин кызы...

УКУК 2019-07-15  18:51

УКМКнын мурдагы төрагасы Бусурманкул Табалдиевге издөө жарыяланды

УКМКнын мурдагы төрагасы Бусурманкул Табалдиевге издөө жарыяланды

Коргоо кеңешинин мурдагы катчысы, УКМКнын мурдагы төрагасы...

УКУК 2019-07-15  18:58

Казакстанда полиция камактагы диссидент Арон Атабектин кызын бошотту

Казакстанда полиция камактагы диссидент Арон Атабектин кызын бошотту

Алматы шаарынын Медеу райондук полициясы камактагы акын жана диссидент Арон Едигеевдин кызы Айдана...

УКУК 2019-07-15  19:08

Финляндиядан 140 өзбекстандык депортацияланды

Финляндиядан 140 өзбекстандык депортацияланды

Өзбекстандын Ригадагы элчилиги Финляндиядан 140 өзбек жараны...

УКУК 2019-07-15  19:10