KELECHEK

Президент Сооронбай Жээнбеков Баткен шаарындагы курулуп жаткан Үй-бүлөлүк медицина борбору менен таанышты

Президент Сооронбай Жээнбеков Баткен шаарындагы курулуп жаткан Үй-бүлөлүк медицина борбору менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 4-июлда, Баткен облусуна бир күндүк иш сапарынын алкагында Баткен шаарындагы курулуп жаткан Үй-бүлөлүк медицина борбору (ҮМБ) менен таанышты.

Өлкөнүн саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин жана Архитектура, курулуш жана коммуналдык-чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиевдин маалыматы боюнча, үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы курулуп жаткан имараты 2001-жылы башталган. Долбоор боюнча, имарат 2 блоктон, 3 кабаттан турат, 250 орунга ылайыкталган. Жалпы сметалык баасы 174, 5 млн. сомду түзгөн.

Акыркы жылдары каражат каралбагандыгына байланыштуу курулуш иштери токтоп калган.

2015-жылы курулуш кайра жанданып, бүгүнкү күнгө карата ал 95 пайызга бүтүп калды. Борборду ишке киргизүү үчүн аны зарыл эмеректер жана жабдуулар менен камсыздоо керек.

Президент Сооронбай Жээнбеков, имаратты көрүп чыгып, өлкөдө, өзгөчө региондордо саламаттык сактоону жана медицинаны өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи жана бул Үй-бүлөлүк медицина борборун тез арада пайдаланууга берүү зарылчылыгын баса белгиледи

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Тажик бийлиги төрөттүн санын азайтат

Тажик бийлиги төрөттүн санын азайтат

Тажик өкмөтү 2019-2022-жылдарга...

ДЕН СООЛУК 2019-08-12  11:39

Чүй милициясынын башчысы Курманкуловго кайрадан операция жасалат

Чүй милициясынын башчысы Курманкуловго кайрадан операция жасалат

Самат Курманкулов.

Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда...

ДЕН СООЛУК 2019-08-08  12:47

Түркмөнстанда табыптар президенттин дары чөптөр тууралуу китебин...

Түркмөнстанда табыптар президенттин дары чөптөр тууралуу китебин...

Түркмөнстанда адамдарды салттуу эмес жолдор менен дарылаган...

ДЕН СООЛУК 2019-07-15  18:54

Аллергияга каршы май ойлоп тапкан тажикстандык окумуштуу эки алтын...

Аллергияга каршы май ойлоп тапкан тажикстандык окумуштуу эки алтын...

Мавлуда Давлатмамадова

Тажикстандык окумуштуу Мавлуда Давлатмамадова аллергияга каршы май...

ДЕН СООЛУК 2019-07-11  15:14

Токмоктогу жапырт уулануунун себеби аныкталды

Токмоктогу жапырт уулануунун себеби аныкталды

Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык...

ДЕН СООЛУК 2019-07-10  14:34