KELECHEK
rek

Ала-Букада 3 районго кызмат кылуучу 105 жумуш орундуу эт комбинаты курулат

Ала-Букада 3 районго кызмат кылуучу 105 жумуш орундуу эт комбинаты курулат

Үстүбүздөгү жылдын күз айларында Чаткал, Аксы, Ала-Бука райондорундагы мал чарбачылыгы менен алектенгендер үчүн эт комбинаты курулмакчы. Бул тууралуу Ала-Бука районунун акими Сонунбек Акпаралиев билдирди.

Анын айтымында, жалпы 105 жумуш орунду камсыздай ала турган эт комбинаты курулат. Комбинаттын курулушу менен Аксынын 130 миң калкы, Чаткалдын 50 миң эли, ошондой эле Ала-Буканын 100 миң эли үчүн жагымдуу шарт жаралат. Анткени күн сайын 30 баш майда жандык, 10 баш кара мал союлуп, эт азыгынан жасалуучу продукциялар даярдалып, Европа өлкөлөрүнө экспорттолот.

"Комбинаттын курулушун Ала-Бука райондук администрациясы колдоого алып, "Кыргыз эт" ассосациясынын төрагасы Рысбек Абдурасулов, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана фермерлер менен жолугушуу уюштуруп бердик. Жакынкы аралыкта Германиянын "Гернер" фирмасы комбинаттын курулушун баштайт", - деп кошумчалады С.Акпаралиев.

Белгилей кетсек, комбинатка союлуучу малдын баасы базар наркынан жогору сатылып алынат. Ошондой эле ветеринардык талаптар катуу коюлат.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41