KELECHEK

Президент Сооронбай Жээнбеков Баткен районунун жана Баткен шаарынын жашоочулары менен жолугушууда

Президент Сооронбай Жээнбеков Баткен районунун жана Баткен шаарынын жашоочулары менен жолугушууда

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Баткен облусуна бир күндүк иш сапарынын алкагында бүгүн, 4-июлда Баткен районунун жана Баткен шаарынын жашоочулары менен жолугушууда.

Мамлекет башчысы Баткен жергесинин көйгөйлөрүн башкаларга караганда жакшы билерин айтып, миграция, жумуш орундары менен камсыз кылуу, чек араны бекемдөө, калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу проблемаларын чечүү өз ишмердигинин артыкчылыктуу багыттары жана мамлекеттин негизги милдети экенин баса белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков региондорду өнүктүрүү, өлкөнүн экспорттук дараметин жогорулатуу, ирригацияны өнүктүрүү, таза суу менен камсыз кылуу, стратегиялык инфраструктуралык обьектилерди куруу, ипотекалык насыялоо, энергетика чөйрөсүндөгү долбоорлор, саламаттык сактоо, билим берүү, спорт тармактарындагы Мамлекеттик программаларды ишке ашыруу боюнча мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу баткендиктерге айтып берди.

Мамлекет башчысы жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформага, анын милдеттерине жана негизги багыттарына, коррупция менен системдүү күрөшүүнүн жүрүшүнө кеңири токтолду, өлкөнүн тышкы саясаттагы багыты тууралуу айтып берди.

Ал ошондой эле өлкөнү санариптештирүү, мамлекеттик кызматтарды автоматташтыруу боюнча көрүлүп жаткан чараларды өзгөчө белгиледи.

Мындан тышкары, Президент Сооронбай Жээнбеков Баткен облусун өнүктүрүү боюнча иштерге — чек араны бекемдөө, жолдорду, ирригациялык обьектилерди куруу ж.б маселелерге токтолду.

Андан ары жолугушуу суроо-жооп форматында уланды.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Баткен: тажик тарап такталбаган жерде курулуш ишин улантууда

Баткен: тажик тарап такталбаган жерде курулуш ишин улантууда

Тажик тарап Баткен облусунун Баткен районунун Жака-Өрүк (Төрт-Көчө) жергесиндеги такталбаган...

Аймак 2019-09-16  16:21

Араванда Өзбекстан тосуп алган жерге жергиликтүү эл кайра чогулду

Араванда Өзбекстан тосуп алган жерге жергиликтүү эл кайра чогулду

Ош облусунун Араван районунун Төө-Моюн айыл...

Аймак 2019-09-14  02:00

Чек ара кызматы: кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу

Чек ара кызматы: кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу

Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматында, чырдын чыгышына Баткен районундагы...

Аймак 2019-09-02  04:18

Кыргыз-тажик чек арасында абал тынч, жабыркаган милиционер ооруканада

Кыргыз-тажик чек арасында абал тынч, жабыркаган милиционер ооруканада

Кыргыз-тажик чек арасы. 23-июль, 2019-жыл

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы тилкеде абал тынч,...

Аймак 2019-08-26  16:14

Чырга себеп болгон чек арадагы курулуш иштери бир аптага токтотулду

Чырга себеп болгон чек арадагы курулуш иштери бир аптага токтотулду

Кыргыз-тажик чек арасында чырга себепчи болгон курулуштар бир апталык...

Аймак 2019-08-26  18:10