KELECHEK

АКШ Казакстанды Сириядан жарандарын кайтаруу тажрыйбасы менен бөлүшүүгө чакырды

АКШ Казакстанды Сириядан жарандарын кайтаруу тажрыйбасы менен бөлүшүүгө чакырды

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео шейшембиде Вашингтонго расмий сапары менен барган Казакстандын тышкы иштер министри Бейбут Атамкулов менен жолукту.

Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Морган Ортагустун билдиришинче, жолугушуунун жүрүшүндө Помпео Казакстан Ооганстанда тынчтык орнотууну колдоп жатканын белгилеп, жаңы өкмөттүн тушунда эки тараптуу мамилелерди бекемдөө ниетин билдирди.

«Мамлекеттик катчы Сириядагы жарандарын мекенине кайтарып келүү боюнча Казакстандын лидерлигин жогору баалап, Астананы бул тажрыйбасын башка өлкөлөр менен бөлүшүүгө чакырды», — деп билдирди Мамдепартаменттин басма сөз кызматы.

Майдын соңунда казак бийлиги Сириядан жүздөгөн жаранын, анын ичинде 357 баланы мекенине алып келгенин билдирген.

2018-жылы июлда өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитети Жакынкы Чыгышта согуш башталгандан бери Сирия менен Иракка 800гө жакын казак жараны кеткенин кабарлаган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Трамп Си Цзиньпинге Гонконгдогу кризисти талкуулоону сунуштады

ДҮЙНӨ 2019-08-16  03:04

Трамп: АКШ орусиялык ракетанын жарылуусунан көп маалыматка ээ болду

Трамп: АКШ орусиялык ракетанын жарылуусунан көп маалыматка ээ болду

АКШ президенти Дональд Трамп Орусиядагы ийгиликсиз аяктаган ракеталык сыноонун жыйынтыгы менен...

ДҮЙНӨ 2019-08-15  12:42

Трамп кытай товарларына бажы төлөмүн көбөйтүүнү кийинкиге калтырды

ДҮЙНӨ 2019-08-14  11:05

Зеленский Путинди жикчилдерге «таасир этүүгө» чакырды

Зеленский Путинди жикчилдерге «таасир этүүгө» чакырды

Украина президенти Владимир Зеленский Орусия президенти Владимир Путинге чалып, Донбасстагы...

ДҮЙНӨ 2019-08-08  11:40

Медведев Түркмөнстанга барат

Медведев Түркмөнстанга барат

Орусия премьер-министри Дмитрий Медведев Гурбангулы Бердымухамедовдун...

ДҮЙНӨ 2019-08-05  20:15

АКШда мигранттарга башкалка берүү эрежеси катаалдашты

АКШда мигранттарга башкалка берүү эрежеси катаалдашты

АКШда Юстиция министрлиги жана Ички коопсуздук министрлиги мигранттарга башпаанек...

ДҮЙНӨ 2019-07-16  14:57

Bloomberg: АКШ С-400 комплекстерин сатып алгандыгы үчүн Түркияга санкция...

Bloomberg: АКШ С-400 комплекстерин сатып алгандыгы үчүн Түркияга санкция...

Орусиянын С-400 зениттик-ракеталык системасын сатып алгандыгы...

ДҮЙНӨ 2019-07-15  18:47