KELECHEK

Каримованын кызы Швейцариядан 133 миллион долларды кайтаруу токтотулганын билдирди

Каримованын кызы Швейцариядан 133 миллион долларды кайтаруу токтотулганын билдирди

2-июлда Өзбекстандын биринчи президентинин небереси Иман Каримова “Инстаграмдагы” баракчасына апасы менен өзбек өкмөтүнүн азыркы мамилелери тууралуу билдирүү жазды.

Үч барактан турган катта Иман Каримова №21 Зангиота аялдар түрмөсүндө отурган апасынын абалы күн сайын начарлап баратканын жазган.

“... Бир адамдын – Гүлрух Расуловна Каримованын аракетинен Өзбекстан эли убада кылынган акчаны ала албай калышы мүмкүн. Апам бир ай мурун бардык пулун кайтаруу жараянын баштаган”,- деп жазган Иман.

Имандын айтымында, Гүлрух Каримова түрмөдөгү жаңжалдардан улам 2018-жылы кызматынан бошотулган. Былтыр №21 колонияда ар кыл себептерден улам беш аял жана бир бала өлгөн.

Каримованын кызы өзбек өкмөтү апасына кысым көрсөтүү үчүн Гүлрух Расуловнаны атайын кайра жумушка алып келген деп эсептейт. Иман Каримова прокуратура жана колония башчысы Гүлнара Каримовага тиешелүү медициналык жардам көрсөтпөй, психологиялык басымга алып жатканын айтууда.

Иман Каримова апасынын түрмөдөгү шарты оңолмоюн, Каримова жана анын адвокаты, ошондой эле Швейцария соту акчаларды кайтаруу жараянын баштабай турганын билдирген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

ЖМК: Москва украин деңиз аскерлерин бошотот

ЖМК: Москва украин деңиз аскерлерин бошотот

Орусия менен Украина камактагы туткундарды алмаштырууга даярданып жатат. Бул тууралуу шаршембиде...

Wall Street Journal: АКШ менен Венесуэла бийлиги жашыруун сүйлөшүүлөрдү...

Wall Street Journal: АКШ менен Венесуэла бийлиги жашыруун сүйлөшүүлөрдү...

Дональд Трамптын администрациясы Кошмо Штаттар жана башка ондогон...

Mozilla менен Google казак бийлигинин коопсуздук сертификаттарына бөгөт...

Mozilla менен Google казак бийлигинин коопсуздук сертификаттарына бөгөт...

Mozilla жана Google компаниялары «казак бийлигинин өлкө...

Тажикстанда «Азия-плюс» сайты бөгөттөлдү

Тажикстанда «Азия-плюс» сайты бөгөттөлдү

Тажикстанда «Азия-плюс» порталынын (news.tj жана asiaplus.tj) сайттары 19-августтан бери...

Bloomberg: Facebook колдонуучулардын аудио билдирүүлөрүн чечмелеген

Bloomberg: Facebook колдонуучулардын аудио билдирүүлөрүн чечмелеген

"Фейсбук" көп убакыт бою колдонуучулардын...