KELECHEK

Ливияда качкындар лагериндеги авиасоккудан 40 киши өлдү

Ливияда качкындар лагериндеги авиасоккудан 40 киши өлдү

Ливиянын борбору Триполинин качкындар жайгашкан лагерине абадан чабуул жасалып, кеминде 40 киши өлдү, 80 киши жаракат алды. Бул тууралуу өлкөнүн эл аралык коомчулук тарабынан таанылган өкмөтүнүн өкүлдөрү билдирди.

Ливия бийлиги авиасокку үчүн генерал Халиф Хафтардын Ливия Улуттук армиясынын күнөөлөөдө. Өлкө бийлигин тааныбаган бул күч апрелде Триполиге чабуул жасай баштаган.

Ливия өкмөтүнүн маалыматы боюнча курман болгондордун көбү Европага барууга аракет жасаган Африка өлкөлөрүнөн келген мигранттар болчу. Акыркы жылдары Ливия алар үчүн негизги өтмөк болуп калган.

Франс-Пресс агенттиги өз булактарына таянуу менен бомбалардын бири 120 киши жайгашкан ангарга түшкөнүн жазды.

Ливия Улуттук армиясы жоопкерчиликти өз мойнуна алган жок.

Апрель айынан бери Триполидеги уруштан 500дөн ашуун киши жайрады, 75 миңдей жергиликтүү тургун өз үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болду.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Түркмөнстанда мамкызматкерлер пахта терүүнү улантууда

Түркмөнстанда мамкызматкерлер пахта терүүнү улантууда

Түркмөнстандын түндүгүндө пахта теримге деңиз портунун кызматкерлери тартылды. Бул тууралуу Turkmen.news...

Өзбекстанда дизель таппаган италиялык туристтер жолдо калышты

Өзбекстанда дизель таппаган италиялык туристтер жолдо калышты

12-октябрда Өзбекстандын Кашкадарыя облусунун...

Орусияда «Фергана» агенттигинин сайтына коюлган чектөө алынды

Орусияда «Фергана» агенттигинин сайтына коюлган чектөө алынды

Роскомнадзор

Роскомнадзор 1-октябрда бөгөт...

Токаев жарандардын маалыматтарын санариптештирүүдө Кытайдын...

Токаев жарандардын маалыматтарын санариптештирүүдө Кытайдын...

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Нур-Султан шаарын...

Өзбекстанда өкмөттүк мекемелердин басма сөз кызматтары сынга кабылды

Өзбекстанда өкмөттүк мекемелердин басма сөз кызматтары сынга кабылды

Баходирхон Элибоев менен Абдурахмон Ташанов

Өткөн...