KELECHEK

Отунбаева: Атамбаев өзүнүн саясий бечелдигин көрсөтүүдө

Отунбаева: Атамбаев өзүнүн саясий бечелдигин көрсөтүүдө

Экс-президент Роза Отунбаева мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигинин алынышы тууралуу билдирүү таратты.

Отунбаева бул процести 2016-жылдын ноябрь айындагы Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракцясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин президент Атамбаевге импичпент жарыялоо боюнча демилгесинин логикалык уландысы катары сыпаттады. Ал ошол эле жылы депутат Канатбек Исаев да Атамбаевге кескин сын айтып чыкканын эстеп, натыйжада экөө Атамбаевдин саясий куугунтугуна алынганын белгилейт.

Роза Отунбаева өз билдирүүсүндө Жогорку Кеңештин ар бир чакырылышы ар кандай сын-пикирлерге кабылганын эске салып, азыркы шартта парламентти Алмазбек Атамбаев атайылап каралоого алганын кошумчалайт.

Отунбаева депутаттык комиссиянын «Атамбаев саясий куугунтукка алды» деген айыптоосунан Башкы прокуратура негиз таппай койгону өкүнүчтүү экенин, чынында Атамбаевдин тушунда анын атаандаштарына каршы иштер токулганын билдирет. Отунбаева Атамбаев саясий атаандаштарын өзү куугунтукка алган жол менен басып өтүшүн каалабай турганын, ага коюлган айыптар боюнча тергөө бейтарап жана калыс жүрүшү керек экенин айтууда.

«Алмазбек Атамбаев коомчулукта конфронтацияны, радикализмди, келишпестиктерди жарата турган бөлүп-жаруучу түшүнүктөрдү таратуу чеберчилигин эң жакшы билет. Ушул күндөрү Атамбаев укуктук аракеттерге каршы иштерге даярдык катары баалоого боло турган бир нече нерселерди айтып жиберди. Азыркы бийликти «бакиевдики» деп атоо менен ал бир гана нерсени - аймак аралык кастыкты козутууну, өлкөнү өз жана өзгө деп бөлүүнү көздөп жатат. Аялдардан, аксакалдардан жана жаштардан өзүнө тирүү коргон жасап, өзүнө карата ыкчам тергөө аракеттерине курал менен каршылык көрсөтөрүн билдирүүдө. Ал муну оппозициялык ишмердүүлүк жана жеке эрдик катары сүрөттөп жатат, бирок ал өзүнүн саясий чабалдыгын жана адамдык алсыздыгын көрсөтүүдө», - деди Отунбаева.

Экс-президент буга улай Атамбаевди укуктук талаада күрөшүүгө чакырат.

«Ушул эле тергөөчүлөр, прокурорлор жана соттор менен өзү куугунтукка алган атаандаштарына, митинг өткөрбөй, өзүнүн актыгын сотто далилдөөгө ал өзү чакырып келген эмес беле? Саясий буйрук менен камакка алына турганын билип туруп, өзүнүн атынын актыгы үчүн күрөшүү үчүн Өмүрбек Текебаев Кыргызстанга келбеди беле? Аз күн мурдараак Армениянын президенти Роберт Кочарян үчүнчү жолу камакка алынып, бирок күнөөсүн мойнуна албаганына карабай, соттун чечими чыккандан кийин тергөөгө өз ыктыяры менен келди. Ал муну атаандаштары менен тарапташтарын кагыштырууну жана араң жеткен туруктуулукту бузуп алууну каалабай турганы менен түшүндүрдү. Мына, саясий лидерлердин жоопкерчилиги жана инсандын духунун бекемдиги. Алмазбек Атамбаев ушул саясатчыларды үлгү тутуп, өзүндөгү коомго болгон сый мамилени ойготсо болмок. Ошондо коом да ага карата кылмыш ишин жарандык көзөмөлгө алмак», - дейт Отунбаева.

Парламент 27-июнда мурдагы президент Атамбаевди кол тийбестик укуктарынан ажыратты. Атамбаев муну «демократияга балта чабуу» катары баалап, тарапташтары митинг уюштурса чогуу чыга турганын билдирген. ​Ал 22-июнда да Кой-Таш айылындагы үйүндө тарапташтары менен жолугушкан учурда сүйлөп жатып, сотко да барбай турганын, керек болсо курал менен коргонорун жарыялаган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Кыргызстан Кытайга гуманитардык жардам жөнөттү

Кыргызстан Кытайга гуманитардык жардам жөнөттү

Коронавирустун жайылышына каршы аракеттерди колдоо иретинде Кыргызстан Кытайга гуманитардык жардам...

КООМ 2020-02-19  11:03

Тажик ТИМи: Баткен тууралуу тажик генералынын билдирүүсү - анын жеке...

Тажик ТИМи: Баткен тууралуу тажик генералынын билдирүүсү - анын жеке...

Абдулло Навджувонов

18-февралда Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин басма...

КООМ 2020-02-19  11:54

Жалал-Абад ОИИБи: Облус аймагында “Лидер” иш-чарасы жүрүүдө

Жалал-Абад ОИИБи: Облус аймагында “Лидер” иш-чарасы жүрүүдө

Жалал-Абад облусунун аймагында үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун, кылмыштуулуктун алдын алуу...

КООМ 2020-02-18  15:14

Тажикстан менен Өзбекстан бухара тоо текесин эл аралык коргоого...

Тажикстан менен Өзбекстан бухара тоо текесин эл аралык коргоого...

Тажикстан, Өзбекстан жана Иран Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) бухара тоо текесин жоголуп бараткан...

КООМ 2020-02-17  20:03

Текебаев: Шыкмаматовдун «Ата Мекен» партиясынан чыгып кеткенин...

Текебаев: Шыкмаматовдун «Ата Мекен» партиясынан чыгып кеткенин...

«Ата Мекен» саясий партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев «Ата Мекен» фракциясынын мурдагы...

КООМ 2020-02-04  04:56

Мамкаттоо: Биометрикалык паспорт 2021-жылдан тартып бериле баштайт

Мамкаттоо: Биометрикалык паспорт 2021-жылдан тартып бериле баштайт

Кыргызстанда биометрикалык жалпы жарандык паспорт 2021-жылдан тартып бериле баштайт. Бул тууралуу...

КООМ 2020-01-29  12:36

Таш-Көмүр ШИИБи жыл мыктысы болуп аныкталды (ФОТО)

Таш-Көмүр ШИИБи жыл мыктысы болуп аныкталды (ФОТО)

Кечээ,  27-январда Жалал-Абад ОИИБнин имаратында 2019-жылдагы ишмердүүлүгүндө жогорку...

КООМ 2020-01-28  07:17