KELECHEK
rek

Казакстан: Арыс шаарынын жашоочулары үйлөрүнө жөнөтүлөт

Казакстан: Арыс шаарынын жашоочулары үйлөрүнө жөнөтүлөт

Түркстан облусунун акими Умирзак Шукеев 27-июнда Шымкенттин “Акмешит” мечитинин жанында чогулган арыстыктарга кайрылып, алар 28-июндан тарта үйлөрүнө жөнөтүлөрүн билдирди.

"Мен премьер-министр жана коргоо министри менен сүйлөштүм. Таңкы саат сегизде бул жерге (Акмешитке) автобустар келет", — деди Шукеев.

Аким ок-дарылар сакталган кампадан алыс жерден турак-жай жана жер тилкелерин берүүнү сураган арыстыктардын суроолоруна жооп берип жатып, жарылуу болгон аймакта радиация коркунучу жок экенин айтты:

–Арыста эч кандай радиация жок. Сиздерге (Арыста) үй салып беришет. Анан аны сатасыңарбы-жокпу өзүңүздөр чечесиздер.

24-июнда Арыста курал-жарак сакталган кампадан өрт чыгып, өзгөчө кырдаал жарыяланган. Жашоочулар калаадан шашылыш түрдө чыгып кетишкен. Расмий маалыматтар боюнча 41 миң киши көчүрүлгөн.

27-июнда арыстыктар Шымкентте нааразылык акциясын өткөрүп, жарылуу болгон шаарда жашабай турушканын айтып, башка аймактардан турак-жай, жер тилкелерин берүүнү талап кылышкан.

Расмий маалыматтар боюнча Арыстан Шымкентке 26 миң адам убактылуу көчүрүлгөн. Алардын көбү мектептерге жана мечиттерге жайгаштырылган.

Жарылуудан үч адам ажал тапты. 160тан ашуун киши медициналык жардам сурап кайрылды, алардын теңи ооруканага жаткырылды. Бир нече адамдын абалы оор.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13