KELECHEK

Атамбаев: Жээнбековдун бийлигин тааныбайм

Атамбаев: Жээнбековдун бийлигин тааныбайм

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев парламенттин аны экс-президент макамынан ажыраткан чечимине карата комментарий берди.

Кылмыш иши козголуп калса тергөөгө барбай турганын “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып билдирди.

“Менин адвокатым бар. Эгер прокуратуранын кандайдыр бир суроосу болсо, кат түрүндө берсе жооп беребиз. Бул бийлик турганда эч кандай укуктук чечим кабыл алынбайт. Мага коюлган күнөөнүн баары калп. Тергөө кандай жүрүп жатканын көрүп жатабыз да. Мусакеев менен Матраимовду салыштырып көргүлө, кандай айырма бар экенин!”

Атамбаев бир жыл мурда укуктук жолдон тайыганын билдирип, азыркы бийлик “өзүнүн адамдарын гана коргоп, жакпагандарды камап жатат”, - деп айтты. Өлкөдөн кетпей турганын кошумчалады.

Президент Сооронбай Жээнбековдун бийлигин тааныбасын айтты.

“Мен мурда эле тааныбайм деп айткам. Себеби анын легитимдүүлүгүндө чоң маселе бар. Адам деген адашат. Менин тегерегимдеги эң жакын досторум Сооронбай Жээнбеков, Иса Өмүркулов болчу. Бирок мен адамдын ичин көрө албайт экем да”, - деди Атамбаев.

Алмазбек Атамбаевдин “экс-президент” макамы алууга каршы тарапташтары анын Чүйдүн Кой-Таш айылындагы үйүнө "элдик штаб" ачып, чогулуп турушат.

Жогорку Кеңеш 27-июнда Атамбаевден экс-президент макамын алууну колдоду.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абаддагы жармаңкеде карылар өздөрү өстүргөн гүлдөрдү алып...

Жалал-Абаддагы жармаңкеде карылар өздөрү өстүргөн гүлдөрдү алып...

Фестивалдын катышуучулары.

Жалал-Абад шаарындагы «Мир» кинотеатрынын алдындагы аянтта...

КООМ 2019-09-20  14:33

ЮНИСЕФ: Былтыр согуш жүрүп жаткан аймактарда 29 миллиондон ашык бала...

ЮНИСЕФ: Былтыр согуш жүрүп жаткан аймактарда 29 миллиондон ашык бала...

Былтыр Ооганстан, Сомали, Түштүк Судан, Сирия жана Йемендин согуш жүрүп жаткан аймактарында 29...

КООМ 2019-09-20  16:07

Президент Сооронбай Жээнбеков 164 кыргызстандыктарга мамлекеттик...

Президент Сооронбай Жээнбеков 164 кыргызстандыктарга мамлекеттик...

«Бакубат жашоонун, келечектин, кубаттуу өлкөнүн бир гана тиреги — эмгек!», — деп баса...

КООМ 2019-09-19  19:32

Жалал-Абад: 53 жоокер аскерге жөнөп кетти (ФОТО)

Жалал-Абад: 53 жоокер аскерге жөнөп кетти (ФОТО)

Өткөн жума соңунда Жалал-Абад шаарында жаш жоокерлерди аскерге узатуу  салтанаты өттү....

КООМ 2019-09-16  13:14

БУУ Тажикстанды калкты таза суу менен камсыздоо үндөдү

БУУ Тажикстанды калкты таза суу менен камсыздоо үндөдү

БУУнун суу жана санитардык кызматтар боюнча атайын баяндамачысы Лео Хеллер Тажикстан...

КООМ 2019-09-16  16:14

Муктар Джумалиев Кыргызстандын Люксембургдагы Элчиси жана Түндүк...

Муктар Джумалиев Кыргызстандын Люксембургдагы Элчиси жана Түндүк...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-сентябрда кол койгон Жарлыкка ылайык,...

КООМ 2019-09-13  19:34

Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча коомдук уюмдардын жетекчилери...

Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча коомдук уюмдардын жетекчилери...

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев бүгүн, 10-сентябрда, коррупцияга...

КООМ 2019-09-10  20:48