KELECHEK

Эл аралык бокс федерациясы олимпиадалык турнирден четтетилди

Эл аралык бокс федерациясы олимпиадалык турнирден четтетилди

26-июнда Эл аралык Олимпиада комитети Лозаннада өткөн 134-сессиясында Эл аралык бокс федерациясын (AIBA) олимпиадалык турнирден четтетип, бирок боксту 2020-жылы Токиодо өтө турган Олимп оюндарынын программасында калтырды.

Мындай чечим кабыл алууга АКШнын санкциялык тизмесине илинген, “уюшкан кылмыштуу топтордун лидерлеринин бири” аталган өзбекстандык Гафур Рахимовдун AIBA президенти катары дайындалышы себеп болду.

2019-жылы май айында Эл аралык Олимпиада комитети Эл аралык бокс федерациясын комитеттин шарттарын аткарган жок деп күнөөлөгөн.

Эл аралык Олимпиада комитети AIBA федерациясын олимпиадалык турнирден четтеткени менен бокс Токиодогу оюндардын тизмесинде калды. Бул маалыматтан кийин Эл аралык бокс федерациясы кызматкерлеринин саны кескин кыскарганын жарыялады.

2018-жылы ноябрда Өзбекстанда криминалдык төбөлдөрдүн бири катары аты чыгып жүргөн ишкер жана мурдагы мушкер Гафур Рахимов Эл аралык бокс ассоциациясынын (AIBA) президенти болуп шайланган.

2012-жылы АКШ Рахимовго эл аралык баңгизат соодасына катышы бар деген шек менен каржылык санкция киргизген.

Буга чейин Эл аралык Олимпиада комитети Рахимовго кайрылып, анын талапкерлиги боксту 2020-жылкы Олимпиаданын программасында сактап калууга терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенин, анткени ал кримдүйнөгө байланышы бар деп шек саналып жатканын билдирген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Кыргызстан - Мьянма: кыргыз футболчулары 7-0 эсебинде утту

Кыргызстан - Мьянма: кыргыз футболчулары 7-0 эсебинде утту

Кыргыз фуболчулары Мьянманын курама командасына жети топ киргизди.

Биринчи эки голду...

СПОРТ 2019-10-12  21:05

Жалал-Абад ОИИБнин начальнигинин кубогу өттү (ФОТО)

Жалал-Абад ОИИБнин начальнигинин кубогу өттү (ФОТО)

Жалал-Абад ОИИБнин начальнигинин кубогуна арналган кичи-футболдун жарым чейректик жана финалдык...

СПОРТ 2019-10-04  05:42

Президент Сооронбай Жээнбеков дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова...

Президент Сооронбай Жээнбеков дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова...

Кыргыз Републикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 25-сентябрда, аялдар күрөшү боюнча дүйнө...

СПОРТ 2019-09-25  16:34

Президент Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбекованы аялдар күрөшү...

Президент Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбекованы аялдар күрөшү...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 20-сентябрда, телефондук сүйлөшүүдө Айсулуу...

СПОРТ 2019-09-22  19:18

Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпионатынын финалына чыкты

Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпионатынын финалына чыкты

Айсулуу Тыныбекова. Нур-Султан, 19-сентябрь, 2019-жыл.

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова ушул...

СПОРТ 2019-09-20  14:29

Президент Сооронбай Жээнбеков АФК президенти Салман бин Ибрагим Аль...

Президент Сооронбай Жээнбеков АФК президенти Салман бин Ибрагим Аль...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-сентябрда, Азия футбол...

СПОРТ 2019-09-18  18:35

Мирзиёев 2020-жылы өтө турган Олимпиадага даярдыкты сындады

Мирзиёев 2020-жылы өтө турган Олимпиадага даярдыкты сындады

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев дене...

СПОРТ 2019-09-06  13:40