KELECHEK
rek

Президент Жээнбеков: Терроризм менен күрөшүүдө натыйжалуу жыйынтыктарга коллективдүү жол менен гана жетишүүгө болот

Президент Жээнбеков: Терроризм менен күрөшүүдө натыйжалуу жыйынтыктарга коллективдүү жол менен гана жетишүүгө болот

«Терроризм менен күрөшүүдө натыйжалуу жыйынтыктарга коллективдүү жол менен гана жетишүүгө болот. Бул максатта аскердик-саясий, финансылык жана идеологиялык тармактардагы узак мөөнөттүү кызматташтык керек», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-июнда, Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттеринин Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын Комитетинин жыйынынын катышуучулары менен болгон жолугушууда.

Мамлекет башчысы 2019-жылдын күз айларында ЖККУга мүчө мамлекет башчыларынын Кеңешинин отурумунун алдында өтүп жаткан бул жолугушуунун маанисин белгиледи.

Президент азыркы эл аралык абал өнүгүүнүн татаал жана ар түрдүү тенденциялары менен мүнөздөлүп жатканын баса белгиледи.

«Глобалдуу дүйнөдө ЖККУнун алдында ар кандай чакырыктар пайда болуп, жамааттык коопсуздукка коркунучтар жаралууда. Алар ар кандай көлөмдө болуп, айрым учурларда биздин өлкөлөрдө да пайда боло калып жатат. Биринчи кезекте — бул терроризм жана экстремизм. Айрым бир күчтөр тараптан терроризмди абдан күчтүү ресурстук колдоо болуп жатканы белгилүү. Трансчекаралык кылмыштуулук, баңги мафиясы, экстремисттик агымдар жана террористтик жашыруун топтордун ортосундагы байланыш ачыктала баштады», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент баса белгилегендей, өлкөлөр өз жарандарынын ар кандай террористтик жана экстремисттик топторго катышуусун билип жатышат. Мамлекетке каршы максаттары менен алар мурда жашаган жерлерге кайтып келип, коркунуч жаратууда.

«Согушчандардын башчылары өздөрү түзгөн топтордун потенциалын сактап калуу аракетинде кайрадан топторду түзүшүп, өз күчтөрүн жана каражаттарын ЖККУнун тышкы аймактары менен чектешкен өлкөлөргө жөнөтүп жатышат. Биринчи кезекте — бул Афганистан. Бүгүн Афганистандын аймагы региондогу абалды чайпалтуу үчүн деструктивдүү күчтөрдүн таянар негизи болуп эсептелет. Бул өлкөдөгү террористтик актылардын жана өндүрүлгөн баңги заттардын саны өсүүдө», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Буга байланыштуу Сооронбай Жээнбеков тажик-афган чек арасын бекемдөө боюнча документтерди ишке ашыруунун маанисин белгиледи.

«Мамлекет башчыларынын деңгээлинде заманбап коркунучтарды толук түшүнүшүү бар, ошондуктан биз жамааттык коопсуздукту бекемдөөнүн үстүндө биргеликте иштейбиз», — деди Президент.

Ал ошондой эле тарыхты бурмалоого каршы күрөшүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

«9-май — биздин элдердин бардык биргелешкен тарыхынын башкы майрамы. Келерки жыл Улуу Жеңиштин 75 жылдык мааракеси болуп саналат. Совет элинин жана фашизмге каршы күрөшкөн чоң аталарыбыздын баа жеткис салымын бөлүп-жаруу аракеттери бар. ЖККУда россиялык тараптын демилгеси боюнча 2020-жылы 9-майда Москвада ЖККУга мүчө ар бир мамлекеттин аскер кызматкерлеринин аскердик парадга катышуусу тууралуу абдан маанилүү чечим кабыл алынган. Жеңиш парады — күчүн көрсөтүү эмес, аталарыбыз жана чоң аталарыбыздын элесине таазим этүү;, — деп белгиледи Мамлекет башчысы. 

Президент Сооронбай Жээнбеков ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчыларына саламын айтты.

ЖККУга мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңешинин катчыларынын атынан ЖККУнун Башкы катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериков сүйлөдү.

Ал кыргыз тарапты ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынын ийгиликтүү өткөрүүсү менен куттуктады жана анын жыйынтыгында олуттуу документтер топтому, анын ичинде Бишкек декларациясы кабыл алынганын белгиледи.

Валерий Семериков баса белгилегендей, ЖККУ өлкөлөрү конструктивдүү өз ара аракеттешүүнүн жана ишенимдүү мамилелердин үлгүсүн  көрсөтүшү керек, ошондой эле бирдиктүү фронтто дүйнөлүк коомчулукту эл аралык укук нормаларын кынтыксыз аткарууга жана чыр-чатактуу кырдаалдарды дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырышы керек. 

Жолугушууга Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев, Армениянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Армен Григорян, Беларусь Коопсуздук кеңешинин мамлекеттик катчысы Станислав Зась, Казакстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы, Президенттин жардамчысы Калмуханбет Касымов, Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев, Тажикстан Коопсуздук кеңешинин катчысы Махмадали Ватанзода, ЖККУнун Башкы катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериков катышты.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12