KELECHEK
rek

Орусия Венесуэладагы аскерлерин чыгарарын билдирди

Орусия Венесуэладагы аскерлерин чыгарарын билдирди

Венесуэладагы орус аскерлери өлкөдөн чыгып кетишүүдө. Бул тууралуу Каракастагы Орусия элчилиги билдирди.

Дипломатиялык өкүлчүлүк орусиялыктар план боюнча иш жүргүзгөнүн, 26-июнда алар "Ил-62" учагы менен Москвага кайтарын маалымдады. Каракастан канча киши келери так айтылган жок.

Буга чейин Reuters агенттиги Каракаска Орусия Коргоо министрлигинин учагы келгенин кабарлаган. Март айында ушул эле борт "Ан-124" учагы менен бирге Венесуэла борборунун аэропортуна конгон. Анда Орусиядан 100 аскер кызматкери келгени кабарланган.

Венесуэлага орусиялык аскер учактарынын келиши Вашингтон менен Москванын ортосунда дипломатиялык талаш жараткан. Акүй Кремлди Венесуэланын ички ишине кийлигишүүгө айыптаган. Орусия Каракаска курал-жарак сатуу келишимин тейлеген кызматкерлер гана келгенин билдирген.

Жыл башынан бери Венесуэлада оппозиционер Хуан Гуайдонун тарапташтары менен азыркы президент Николас Мадуронун ортосунда тиреш уланууда. АКШ, Европа жана Түштүк Американын көптөгөн өлкөлөрү Гуайдону Венесуэланын легитимдүү убактылуу президенти катары тааныган. Мадурону Орусия, Кытай, Түркия, Иран, Куба жана Боливия колдоодо.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52