KELECHEK
rek

Исаев: Атамбаевге байланыштуу иштер боюнча Түркияга барып келдик

Исаев: Атамбаевге байланыштуу иштер боюнча Түркияга барып келдик

Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев кызматташтары менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин айланасындагы иштерге байланыштуу Түркияга барып келишкенин 26-июнда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып айтты:

- Түркияда эмне тапканыбыз боюнча айтпай турайын. Атамбаев «мен мультимиллионер болгом, Түркиядан көп акча тапкам, миллиондук тираждар менен китептерди басып чыгарып, Москвага жөнөткөн мультимиллионермин, мен байлыкты ушинтип топтогом» деп бир нече жолу айткан. Биз ушуга байланыштуу Түркиядан тиешелүү кагаздарды алуу аракети менен барып, депутаттык комиссиянын жыйынына катыша албай калдым. Буюрса мунун баары такталып, жооптор келет.

Исаев ушундай эле максатта жакынкы аралыкта Москва шаарына да бара турганын да кошумчалады.

Алмазбек Атамбаев экс-президенттер тууралуу жаңы мыйзам күчүнө киргенине байланыштуу 25-майда Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрагалыгынан жана курамынан кеткен. Экс-президент мындан тышкары партиянын саясий кеңешин жетектөөдөн да баш тарткан.

Жогорку Кеңеште Атамбаевди жоопко тартыш үчүн аны кол тийбестик макамынан ажыратуу маселесин караган комиссия 13-июнда түзүлүп, 18-июнда корутунду чыгарган. Депутаттык комиссиянын корутундусу 20-июнда парламентте жактырылып, Башкы прокуратурага жиберилген. Башкы прокуратура экс-президент Алмазбек Атамбаевге коюлган алты дооматтын бешөөнү негиздүү деп тапкан.

Бул маселе эми парламенттин жалпы жыйынына чыгарылып, добуш берилиши керек. Атамбаедин кол тийбестиги алынышы үчүн 120 депутаттын 80ден ашыгы добуш бериши керек.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12