KELECHEK

Тажикстанда өспүрүмдөр өрт койгон кыз жандандыруу бөлүмүндө

Тажикстанда өспүрүмдөр өрт койгон кыз жандандыруу бөлүмүндө

Тажикстанда үч өспүрүм чак түштө алты жашар кызга өрт койгон деп шектелүүдө. Окуя 19-июнда борбор шаар Душанбенин Сино районунда болгон. Өлкөнүн ички иштер министрлиги шектүүлөр кармалганын билдирди, бирок кыздын ата-энеси алар али эркиндикте экенин ырастоодо.

Дарыгерлердин маалыматына караганда, алты жашар Осия Зулфонова 65% күйүк алган, ал жандандыруу бөлүмүндө. Кыздын абалы оор.

Дарыгер Тохир Зубайдов Осиянын далысы, сол колу жана буту терең күйүп калганын, буга байланыштуу дарылоо жана калыбына келтирүү узак убакытка созуларын билдирди.

Бул фактыны Душанбе шаарынын прокуратурасы иликтөөдө, учурда кылмышка эмне себеп болгону жарыялана элек.

ИИМ өлкө президенти Эмомали Рахмон бул окуяга карата кабатыр болуп жатканын маалымдады. Президент саламаттык сактоо жана социалдык жактан коргоо министрлигине жабыр таркан кызга жардам берүүнү тапшырды.

21-июнда «Фараж» басылмасы балдар кызды короонун тосмосуна байлап, от коюшканын жазды. Кыздын атасы алар коңшу айылдан келгенин, ата-энеси карабай, өз билгенин кылып көчөдө ойноп жүргөн балдар экенин айтты.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Түркмөнстанда табыптар президенттин дары чөптөр тууралуу китебин...

Түркмөнстанда табыптар президенттин дары чөптөр тууралуу китебин...

Түркмөнстанда адамдарды салттуу эмес жолдор менен дарылаган...

ДЕН СООЛУК 2019-07-15  18:54

Аллергияга каршы май ойлоп тапкан тажикстандык окумуштуу эки алтын...

Аллергияга каршы май ойлоп тапкан тажикстандык окумуштуу эки алтын...

Мавлуда Давлатмамадова

Тажикстандык окумуштуу Мавлуда Давлатмамадова аллергияга каршы май...

ДЕН СООЛУК 2019-07-11  15:14

Токмоктогу жапырт уулануунун себеби аныкталды

Токмоктогу жапырт уулануунун себеби аныкталды

Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык...

ДЕН СООЛУК 2019-07-10  14:34

Ингушетияда эжеси тарабынан сабалган жети жаштагы кыздын абалы оор

Ингушетияда эжеси тарабынан сабалган жети жаштагы кыздын абалы оор

Назрань шаарындагы ооруканалардын бирине туугандары тарабынан катуу сабалган жети жашар Аиша...

ДЕН СООЛУК 2019-07-08  14:42

Президент Сооронбай Жээнбеков Баткен шаарындагы курулуп жаткан...

Президент Сооронбай Жээнбеков Баткен шаарындагы курулуп жаткан...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 4-июлда, Баткен облусуна бир күндүк иш...

ДЕН СООЛУК 2019-07-05  09:38

Үлпөт тойдо 100дөй адам тамакка ууланган

Үлпөт тойдо 100дөй адам тамакка ууланган

Чүй облусунун Токмок шаарында тамакка...

ДЕН СООЛУК 2019-07-03  01:29