KELECHEK
rek

Өкүл жалпы республикалык тестирлөөдө эң жогорку балл алган окуучулар менен жолугушту (ФОТО)

Өкүл жалпы республикалык тестирлөөдө эң жогорку балл алган окуучулар менен жолугушту (ФОТО)

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жалпы республикалык тестирлөөдө эң жогорку балл алган окуучулар менен жолугушту.

Жолугушууга окуучулардын ата-энелери, мектеп директорлору жана мугалимдери катышты.

"Бүгүн силер менен жолугуп, жүз көрүшүп жатканыма аябай кубанычтамын! Анткени, силер облустун намысын коргоп, өзүңөрдүн 11 жыл ичинде алган терең билимиңерди, талбас эмгек жана татыктуу изденүүңөрдү көрсөтүп, мыктылыгыңарды далилдей алдыңар.

Биз, Элдияр Чормонов, Гулшода Мамажанова, Эржигит уулу Тыныбек, Сыймык Жантөрөев, Актан Календеров, Мээрим Алтынбекова сыяктуу мыкты окуучуларыбыз менен сыймыктанабыз", - деп белгилеген ыйгарым укуктуу өкүл окуучуларга жана аларды өстүрүп, чоңойткон ата-энелерине ыраазычылык баракчаларды тапшырып, кең келечек каалады.

Эскерте кетсек, Кыргызстан боюнча эң жогорку баллдарды 52 окуучу алган болсо, алардын 29у аймактардан. Жалал-Абад облусу ЖРТнин жыйынтыгы боюнча 6 мыкты бүтүрүүчүсү менен 2-орунга чыккан. Алардын катарында өлкө боюнча эң жогорку балл (238 балл) алган Элдияр Чормонов да бар.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

Юпитердин гравитация жана магниттик талааларын иликтеп, анын атмосферасына байкоо салган...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-07-05  23:34

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02  12:13

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04  16:32

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07  15:23

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:16

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:26

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абад шаарындагы Экономика  жана  ишкердик университетинде “Ар бир  кесип  ардактуу”...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13  09:30