KELECHEK
rek

Жогорку сот Текебаевдин ишинин жаңы жагдайларын июлда карайт

Жогорку сот Текебаевдин ишинин жаңы жагдайларын июлда карайт

Кыргызстандын Жогорку соту «Ата Мекен» партиясынын түрмөдөгү лидери, учурда Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда дарыланып жаткан Өмүрбек Текебаевдин ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра карап чыкмай болду.

«Ата Мекен» партиясынын юристи Таалайгүл Токтакунова «Азаттыкка» билдиргендей, Жогорку сот ишти кароону 16-июлга белгиледи. Юристтер бул иштеги негизги күбө - Леонид Маевскийдин көрсөтмөсү жалган экенин далилдеген жаңы жагдайлар бар экенин билдирип келишет. ​

Быйыл февралда партиянын юристтери жана «Адилет» укук клиникасы Өмүрбек Текебаев жана аны менен кошо соттолгон мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш ишин жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кайра кароону өтүнүп, Жогорку сотко кайрылышкан. Анын негизинде 3-майда Жогорку сот Текебаев менен Чотоновдун ишин карап, мурдагы сот өкүмдөрүн өзгөртүүсүз калтырган.

Ага чейин, 2018-жылы да юристтер ишти жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кайра кароо тууралуу өтүнүч жиберишип, бирок Башкы прокуратура аны аткаруудан баш тарткан.

Быйыл 31-майда Текебаев саламаттыгына байланыштуу №47 колониядан Улуттук кардиология жана терапия борборуна которулган.

Эки саясатчы 2017-жылдын башында орусиялык жаран Леонид Маевскийдин «1 миллион доллар пара алган» деген көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Экөө тең муну саясий куугунтук катары баалап келишет.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53