KELECHEK

Жалал-Абадда “Баардыгы үчүн коопсуз кан!” акциясы өттү (ФОТО)

Жалал-Абадда “Баардыгы үчүн коопсуз кан!” акциясы өттү (ФОТО)

Жыл сайын 14-июнь – Эл аралык Донорлор күнүнө карата Улуттук Кызыл Ай коому ар түрдүү ураан менен ар түрдүү иш-чараларды өткөрүп келишет. Быйылкы жылы “Баардыгы үчүн коопсуз кан!” деген аталышта акциялар өткөрүлдү.

Эл аралык донорлор кунүнө карата Жалал-Абад облустук кан борборунун директору Урматбек Боржиев, шаардын ардактуу донору Сүйүнбүбү Орозматова, Улуттук Кызыл Ай коомунун кызматкери Каныбек Кудайбердиев Жалал-Абаддагы жалпыга маалымадоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн маалымат жыйынын өткөрүштү.

Донор деген ким? Донор –Латынча “donare”, башка адамдарга “белек кылуу” дегенди билдирет. Өзүнүн кичинекей канын белек кылуу менен, бир адамдын өмүрүн сактап калат. Көбү кан тапшырса адамдын өмүрүнө зыяны тиеби? – деп коркушат. Донор 300-400 мл.ге чейин кан тапшырса болот. Бул деген физиологиялык доза болуп эсептелет жана ден соолукка эч кандай зыяны жок, себеби адам баласында 4-5 литр кан бар. Кан тапшырса анын пайдасы гана болот.

Жалал-Абад облустук кан борборунун директору Урматбек Боржиевдин берген маалыматына караганда, Кыргызстанда биринчи жолу 1934-жылы Фрунзе шаарында төрөттөн кансырап жаткан аялга акушер-гинеколог менен операциялык сестра кан куйган.

- Кыргызстандагы биринчи донор Вера Тимусева болгон. Ал өзү ошол операцияга катышып жатып, төрөттөн кансыраган аялдын өмүрүн сактап калган. Ошол күндөн баштап кан кызматы түптөлүп, ушул кезге чейин иштеп келе жатат. Союз учурунда Саламаттык сактоо министрлигинин колдоосу менен Кыргызстанда акысыз донорлор лигасы 1957-жылы түзүлгөн. Азыркы учурда Кызыл Ай коому акысыз донорлорду табууда чоң салым кошуп  жатышат. Акысыз донорлор – бул таза, коопсуз кан болуп саналат. Азыр бизде жол кырсыктары, өзгөчө кырдаалдар көп кездешет. Биз көөнөрбөс кандын запасын толуктап, ошого аракет жасап келебиз. Өзүнүн көнүлү менен акысыз кан тапшырса, ал таза кан тапшырат. Эгерде кандайдыр кызыкчылык менен кан тапшырса, ал өзүнүн кээ бир ооруларын жашырып коюп, кан таза чыкпай калат. Ошол себептен, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму акысыз донорлукту колдоп жатат. Дүйнөлүк статистикада, өнүккөн мамлекеттерде донорлук акысыз жүргүзүлөт. Кан тапшырса анын пайдасы гана болот. Донор деген – бул менин каным таза дегенди билдирет. Бир донор 4 адамдын өмүрүн сактап калат. Донор жөнөкөй адамга караганда, 5-10 эсе башка оорулар менен оорубайт, алар  башка адамдарга караганда 5 жылга көп жашайт, эч качан депрессия болбойт. Ислам дининде бул хижама деп аталат. Бизде 18 жаштан баштап ден соолугу чың адам донор боло алат. Эгер адам өзүн текшерүүдөн өткөрө турган болсо, ага 2 миң сом кетет. Донор боло турган болос, ал адамды ар эки ай сайын бекер бардык ооруларга текшерип турабыз, – дейт У.Боржиев.

Ардактуу донор Сүйүнбүбү Орозматованын сөзүнө караганда, ал 1966-жылдан медициналык училищада окуп жүргөндө эле донор болуп, кан тапшыра баштаган. 

- Мен студент мезгилден 1966-жылдан баштап кан тапшыра баштадым. Окуу жайды бүткөндөн кийин, балдар ооруканасында иштеп калдым. Балдарга кан керек болуп калып, анан донор болуп калдым. Мурда ар бир үч айда бир кан тапшырып жүрдүк. Ооруканада иштеп жүргөндө күн-түн болобу, качан балдарга кан керек болгондо, кан тапшырып жүрдүм. Ошентип микродонор болуп жүрүп, 1997-жылы Ардактуу донор болдум. Мен донор болгонума эч нааразы эмесмин. Себеби, мен ден соолугуму көзөмөлгө алып жүрдүм. Ар бир үч айда текшерүүдөн өтүп, анан колубузга тактама берчү. Ошол тактама менен каалаган убакта, биздин каныбыз туура келсе, ошлол учурда кан берчүбүз. Мына эми көрүп турасыңар оорудум деп айта албайм, жакшымын. Менин кааларым, ар бир инсан кан берсе, өзү үчүн берет, канга муктаж болгон оорукчан адамдарга жардам берет, - дейт Сүйүнбүбү Орозматова.  

Улуттук Кызыл Ай коомунун Жалал-Абад облустук өкүлчүлүгүнүн кызматкери Каныбек Кудайбердиевдин берген маалыматына караганда, 2005-жылдан бери 14-июнь – Бүткүл Дүйнөлүк донорлор күнү катары белгиленип келе жатат.

- Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Ассамблеясынын 58-сессиясында 14-июнь - Донорлор күнү болуп аныкталган. Ошол күндөн баштап, Дүйнө жүзүндө бардык мамлекеттерде белгиленип келет. Кызыл Ай коому облустук кан борбору менен бир канча иш-чараларды өткөрүп келе жатат. Эл аралык донорлор күнүнө карата 12-июнь күнү КР ӨКМнин Жалал-Аад облустук башкармалыгында, 17-июнь күнү Жалал-Абад шаардык мэриясында ыктыярдуу жана кайтарымсыз кан тапшыруу боюнча кайрымдуулук акциясы “Баардыгы үчүн коопсуз кан!”-  деген ураандын алдында өткөрүлөт. Ал эми 14-июнда Барпы театрында облустун аймагындагы ыктыярдуу жана ардактуу донорлорду сыйлоо боюнча атайын иш-чара болуп өтмөкчү. Концерттик программа да  тартууланат, - деди К.Кудайбердиев.

Жалал-Абад облустук кан борбору 50 жылдан ашык убакыт аралыгында кан кызматын жогорку деңгээлде өздөштүрүп, Кыргызстандын түштүк аймагынын (Ош, Баткен, Жалал-Абад) шаар-райондорун кан жана анын компоненттери, препараттары менен үзгүлтүксүз камсыз кылып, миңдеген оорулардын өмүрүн сактап калуусуна түздөн-түз себепкер болушкан. Ал убакта Жалал-Абад шаарындагы кан борбору Ош облустук кан куюу станциясы деп аталган жана түштүк аймагын кан компоненттери менен камсыз кылып келишкен.  Жалал-Абад, Ош, Баткен облустары өздөрүнчө бөлүнүп кеткенден кийин, Жалал-Абад облустук кан борбору болуп аталып калган.

Облустук кан борборунда атайын экспедиция бөлүмү бар. Ал жерде кезметчи медайымдар күнү-түнү иштешип, кан компоненттерин чыгарышып, облустун бардык медицина мекемелерин кан компоненттери, препараттары менен камсыз кылып келишүүдө. Жалал-Абад облустук кан борбору качан донор келип кан тапшырат деп күтүп отурбастан, кан борборунда атайын көчмө биригада облуста кайсы жерде мекеме-ишкана, кайсы окуу жайлар болсо, ошол жерлерге барышып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен акысыз донорлордун санын көбөйтүп келе жатышат. Көпчүлүк мекеме-ишканаларга барганда, “биз донор эмеспиз да? Эмне үчүн кан тапшырышыбыз керек? – деген суроолорду көп беришет экен.

Адамдардан алынган канды жасалма жол менен иштеп чыгуу мүмкүн эмес. Кандын жалгыз булагы болуп бир гана адам баласы – донор болуп эсептелет. Айрыкча төрөп жаткан аялдарга, жаш ымыркайларга кан өтө керек болот. Бала менен эненин өмүрү биз үчүн биринчи орунда турат. “Энеликти жана балалыкты коргоо” дүйнөдө биринчи орунда тургандыктан, эгерде төрөттөн бир аял каза боло турган болсо, ага министирликтин деңгээлинде териштирүү болот. Ага кан убагында куюлдубу? - деген суроо турат. Ошого кан борбору да катышат. Биз эч качан кан жок эле деп, эне менен баланын өлүмүнө жол бербейбиз. Канды да көпкө чейин кармап тура албайбыз. Канды 35 күнгө чейин гана кармап тура алабыз. Ошол себептен, канды сактоодо туура менеджменттик иш алып баруубуз зарыл. Биз ыктыярдуу кан тапшырган донорлорду көбөйтүшүбүз керек. Ошондо гана кандын коопсуздугу жаралат. Плазманы алып, 6 ай муздаткычта сактап, анан аны бардык ооруларга текшерип чыгышыбыз керек. Кан бул-  өтө кооптуу жана баасы жок биологиялык зат”, - деди Жалал-Абад облустук кан борборунун директору Урматбек Боржиев.

Облустук кан борборунда ар бир 2 айда кан тапшырып турган 300дөн ашуун активдүү донорлору бар. Андан сырткары, акысыз өз ыктыяры менен кан тапшырган донорлор жана туугандарына тапшырган донорлор  болот. Ар бир донордун канын кан аркылуу жугуучу инфекцияларга текшерүү үчүн жана реактивке кеткен каражаттар болуп 3-4 миңден кем эмес акча сарпталат.

Донордун каны көп кан жоготууларда, ар кандай автокырсыктарда, табигый жараталыш кырсыктарында, төрөт учурларында, өпкө-жүрөк, ашказан, боор операцияларында, ак кан ооруларында бирден бир алмашкыс керектүү дары. Кандан ар түрдүү кан компоненттери жана препараттары жасалат. Алар: эритроциттардык масса, жаңы тоңдурулган плазма, 3 жана 5 жолу жуулуучу эритроциттардык масса, тромбо, лейко концентрант жана башкалар.

“Бизде ар дайым запаста текшерилген ар бир кандын группасынан 5-6 литрден болуп, 25-30 литр кан туруусу зарыл. Кандын корунун  20 литрдей калганда тез чара көрүү менен атайын өзүбүздө түзүлгөн бригаданын жардамы менен мекеме-ишканалар менен келишим түзүп, кан даярдап келебиз. Бир эле келинге 10 литрге жакын кан керек болушу мүмкүн. Кандын запасы ар дайым даяр турат. Кан жок деген сөз болбош керек. Ош-Бишек жолунда көптөгөн автокырсыктар болуп турат. Ар бир аварияда кан жоготуулар болот”, - дейт облустук кан борборунун директору.

Улуттук Кызыл ай коому гумандуулукту жактаган уюм болуп эсептелет. Аталган уюм адам жанын сактап калуу, абийирин коргоо максатында өз ишин жүргүзөт. Коом Саламаттыкты сактоо багытында бир канча долбоорлорду ишке ашырып келе жатат. Анын ичинде “Кыргыз Республикасында өз ыктыяры менен кан тапшырууну өнүктүрүү” долбоору Швецариялык Кызыл чырым коомунун каржылоосунда, 2017-жылдын январь айынан баштап ыктыярчы кан тапшыруучулардын санын көбөйтүү максатында өлкөбүздүн бардык облустарында иштей баштады. Бул долбоор Жалал-Абад облустук кан борбору менен биргеликте 2019-жылдан декабрь айына чейин ишке ашырылат. Аталган долбоордун негизги максаты – элдин ыктыярдуу кан тапшыруу түшүнүгүн жогорулатуу аркылуу жабыркагандардын өмүрүн сактап калууга жардам берүү. Долбоордун алкагында мекеме-ишканаларда жана ЖОЖдор менен орто окуу жайларда мааалымат сессиялары өткөрүлүп, эл арасында ыктыярдуу кан тапшыруучулардын санын көбөйтүүгө жардам берет.

“Долбоордун ишин жакшыртуу максатында ыктыярчылар кабыл алынган. Ыктыярчылар менен биргеликте жогорку жана кесиптик окуу жайларга, мекеме-ишканаларга  барып, өз ыктыяры менен кан тапшырууга үгүттөп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт”, - деди К.Кудайбердиев.

Анархан Жаңыбаева, kogart.kg

http://kogart.kg/?view=news&id_news=4497

 

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Кыргызстан боюнча жалпы 5 миңден ашык жер көчкү катталган (ФОТО)

Кыргызстан боюнча жалпы 5 миңден ашык жер көчкү катталган (ФОТО)

Акыркы мезгилдерде  дүйнө жүзүндө болуп жаткан климаттын өзгөрүүсү ар кандай табигый кырсыктардын...

АНАЛИТИКА 2019-08-26  09:21

Жалал-Абад облусунда квалификациялуу юридикалык жардам алгандардын...

Жалал-Абад облусунда квалификациялуу юридикалык жардам алгандардын...

Жалал-Абад облустук юстиция Башкармалыгынын кызматкерлери 26-июнь күнү жарандарга бекер...

АНАЛИТИКА 2019-06-24  19:11

Катаракта 20 миллион адамды сокурлукка алып келген (ФОТО)

Катаракта 20 миллион адамды сокурлукка алып келген (ФОТО)

Акыркы мезгилдердеги глобалдык экологиялык проблемаларга байланыштуу, Дүйнө жүзүндө 240-250 миллион...

АНАЛИТИКА 2019-06-10  21:03

Ден соолук - бардыгы үчүн! (ФОТО)

Ден соолук - бардыгы үчүн! (ФОТО)

Жыл сайын 7-апрелде – Бүткүл Дүйнөлүк ден соолук...

АНАЛИТИКА 2019-04-08  04:05

Окуучулардын “Алтын сертификат” алуусуна түрткү берген Гүлжан...

Окуучулардын “Алтын сертификат” алуусуна түрткү берген Гүлжан...

Жалал-Абад шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу Михаил Бабкин атындагы №1...

АНАЛИТИКА 2019-03-30  20:23

Мугалим – мөмөлүү дарак! (ФОТО)

Мугалим – мөмөлүү дарак! (ФОТО)

Жалал-Абад шаарындагы алдыңкы мектептердин сап башында турган,  бир кылымга тете тарыхы бар...

АНАЛИТИКА 2019-03-29  18:23

Таланттарды таптаган, сынактардан калбаган «Ариет» балдар...

Таланттарды таптаган, сынактардан калбаган «Ариет» балдар...

Жакында Казакстандын борбору Нур-Султан (Астана) шаарында  өткөн “Астана жылдыздары – 2019"-...

АНАЛИТИКА 2019-03-27  16:22