Казакстандагы митингдер маалында төрт миңге жакын киши кармалган
Казакстанда июнь айындагы нааразылык акциялары маалында төрт миңге жакын киши кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн ички иштер министри Ерлан Тургумбаев билдирди.
«Башкы прокуратура менен Ички иштер министрлигинин бир канча жолку эскертүүсүнө карабастан, 9-июндан 13-июнга чейин Казакстандын шаарларында уруксат берилбеген митингдер өткөн. Аларга катышкан жарандар «Митингдер, жүрүштөр жана демонстрациялар тууралуу» мыйзамды бузушту. Мыйзамда мындай акцияларды өткөрүүдөн мурда жергиликтүү аткаруу органдарына билдирме бериши керектиги так жазылган. Митингдер жергиликтүү аткаруу органдарынын уруксаты менен гана өткөрүлүшү керек», — деди Тургумбаев.
Министр бул митингдерде полиция кызматкерлерине атайын каражаттарды колдонбоо буйругу берилгенин белгиледи. «Ар бир полиция кызматкеринде башаламандыктарды токтотуу үчүн атайын каражаттар бар. Алар газ баллондору, союлдар. Бирок митингдерде полиция буларды колдонгон жок. Жалпысынан төрт миңге жакын киши кармалды», — деди Тургумбаев.
Анын айтымында, үч миңге жакын адамга протокол түзүлүп, кое берилген. 677 адам соттун чечими менен административдик камакка алынса, 305 адамга айыппул салынган. «Бул күндөрү жалпысынан 300дөн ашык полиция кызматкери жаракат алды. Учурда алардын алтоосу ооруканада жатат», — деп кошумчалады министр.
9-июндан 11-июнга чейин Алматы жана Нур-Султан шаарларында шайлоого бойкот жарыялоого чакырган жана добуш берүүнүн жыйынтыктарына каршы нааразылык акциялары өткөн. Анда алар шайлоо мыйзамсыз экенин билдиришкен. Адамдарды жапырт кармоо Алматы, Нур-Султан, Актөбө жана Шымкент шаарларында кийинки күндөрү дагы уланган.
Алгач бийлик уруксат берилбеген митингдер маалында 700гө жакын киши кармалганын билдирген. Укук коргоочулар ИИМ расмий маалыматтарды азайтып айтып жатканын белгилеп, полициянын аракеттерин көз карандысыз иликтөөгө чакырышкан.
9-июнда өткөн кезексиз президенттик шайлоодо Касым-Жомарт Токаев жеңишке жеткен. Ал 12-июнда ант берип, мамлекет башчысы кызматына киришкен. Батыш өлкөлөрүнөн келген байкоочулар Казакстандагы шайлоону сынга алып, бир катар мыйзам бузуулар болгонун белгилешкен.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53