KELECHEK

Катаракта 20 миллион адамды сокурлукка алып келген (ФОТО)

Катаракта 20 миллион адамды сокурлукка алып келген (ФОТО)

Акыркы мезгилдердеги глобалдык экологиялык проблемаларга байланыштуу, Дүйнө жүзүндө 240-250 миллион адам көз оорулары менен жабыркап келишет. Статистикалык маалыматтарга караганда, көпчүлүгү көздүн глаукома жана катаракта оорулары менен жабыркашат.

- Орусиянын маалыматы боюнча, 80 миллион адам көз оорудан майып болуп саналат. Азыркы учурда дүйнө жүзүндө үч көз оору бар. Эң эле кыйын көз оорулары – бул глаукома жана катаракта оорусу эсептелет. Дүйнө жүзүндө 70 млн. адам глаукома оорусу менен ооруйт. Глаукома оорусун алдын алып дарылабаса, бул оору өтүшүп кеткенден кийин, аны дарылаш өтө кыйын болуп калат. Мурун иш-план түзүп алып, көз ооруларынын алдын алуу максатында мекеме-ишканаларга, мектептерге, бала бакчаларга барып, атайын текшерүүлөрдү өткөрөт элек. Көздүн курчтугун текшерип, жашы 40 жаштан өткөндөрдүн көзүнүн кан басымын өлчөйт элек, - дейт Жалал-Абад облустук бириккен ооруканасынын көз оорулар бөлүмүнүн башчысы Авангард Кочеров.

КАТАРАКТА – КАРЫЛАРДА ЭҢ КӨП ТАРАЛГАН КӨЗДҮН ООРУСУ

Адамдын көзүнүн чечекейи – бул жарык нурларын өткөргөн “табигый линза” болуп эсептелет. Чечекей көз чанагынын ичинде түстүү чел менен (айнек сымал нерсенин айнек челдин) ортосунда жайланышкан. Адамдын жаш кезинде чечекейи тунук, ийкемдүү болуп – өзүнүн формасын өзгөртө алат, көз ирмемде “фокусту туура коюу менен” көз жакындан да, алыстан да жакшы көрө алат. Катаракта менен ооруганда чечекейдин бир бөлүгү же ал толугу менен тунарып, анын тунуктуулгу бузулат. Ал эми көзгө жарык нурунун бир аз бөлүгү гана өтөт. Ошондуктан көрүү сезими төмөндөйт, адам даана эмес, эки даана жайылгандай көрөт. Жыл өткөн сайын оору күчөйт, тунарык чөлкөмү чоңоюп, көрүү сезими начарлайт. Эгерде өз убагында даарыланбаса, катаракта сокурлукка алып келет.

Катаракта ар кандай жашта кезигет. Тубаса катаракта, мертинүүнүн, татаалданган нурдун катарактасы, организмдин жалпы ооруп начарлануусунан улам пайда болгон катаракталар болот. Бирок, эң көп кезиккени 50 жаштан кийин адамдарда пайда боло турган карылык катарактасы. Бүткүл дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча катаракта менен 17 миллион адам ооруйт. Ал эми 80 жаштан кийин – ал ар бир адамда болот. Катаракта 20 миллион адамды сокурлукка алып келгенин статистика көрсөттү.

ГЛАУКОМА ДЕГЕН ЭМНЕ?

Улуттук Кызыл Ай коомунун маалыматтык баракчасындагы маалыматка караганда, глаукома – бул көздүн суюктугу, башкача айтканда жаш толуу менен байланышкан көз оорусу. Жаштын толушу көздүн ичиндеги басымды жогорулатууга алып келет жана мээге көрүү маалыматын жеткирүүчү нервти (“көрүү нерви” деп аталган) нервти бузушу мүмкүн. Жыйынтыгында көрүү сезими төмөндөйт.

Нормалдуу саламаттуу көздө дайыма суюктук (“суулуу нымдуулук” деп аталган) пайда болуп турат. Суюктук көздүн түзүмүн жууп, көз челине жана чечекейге азык заттарды жеткирет. Суюктук кичинекей тешиктер (трабекулярдык торчону түзгөн) аркылуу алмашып турат. Ошентип, суюктуктун улам пайда болушу жана агып кетиши көздү нымдуу жана саламаттуу сактайт.

Глаукома учурунда көздө агып чыкканга караганда суюктук көп пайда болот, бул басымды жогорулаткан (көздүн басымын) суюктуктун топтолушуна алып келет. Басымдын жогорулашы көздүн бүт түзүмүнө таасирин тийгизет, бирок көпчүлүк учурда көрүү нерви бузулат.

САЛАМАТ КӨРҮҮ – САЛАМАТ МУУН

Улуттук Кызыл Ай коому тарабынан ”Кыргызстандын түштүк облустарынын аярлуу коомдоштуктарында офтальмологиялык кызматтарга жетүү мүмкүнчүлүгүн жана сапатын жакшыртуу” программасы ишке ашырылып жатат. Бул тууралуу аталган коомдун башкы директорунун орун басары Сабина Ибраимова билдирди.

Анын берген маалыматына караганда, өлкөбүздө көз ооруларынын көп кездешип жаткандыгынан улам, Улуттук Кызыл Ай коому тарабынан калк арасында атайын изилдөө жүргүзүлгөн. Ошол изилдөөнүн жыйынтыгына таянып, көз ооруларын алдын алуу жана диасгностикалоо боюнча өлкөнүн түштүк регионунун 3 облусунда (Жалал-Абад, Ош, Баткен) 2018-жылы 1-сентябрында программа иштей баштаган. Аталган долбоордун алкагында жогоруда айтылган үч облуска тең атайын диагностикалык жана операциялык заманбап жабдуулар Швейцариялык Кызыл Крест коому тарабынан каржыланып, алынып берилген.

Жалал-Абад облустук бириккен ооруканасынын көз оорулар бөлүмүнүн башчысы Авангард Кочеровдун берген маалыматына карараганда, Улуттук Кызыл Ай коому менен биргеликте иштеп,  облустун алыскы райондоруна  барып профилактикалык текшерүүлөрдү өткөрүшкөн.

“Быйыл Улуттук Кызыл Ай коомунун жардамы менен 5 миллион сомго көз ооруларын текшере турган заманбап аппаратуралар Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканага, Кара-Көл шаарына, Аксы районуна берилди. Бул берилген аппараттардын максаты – көз ооруларын алдын ала дарылоо жана алдын ала диагностикалоо болуп саналат”, - дейт А.Кочеров.

Кызыл-Кыя аймактык ооруканасында эки жылда  көзгө 1,5 миң операция жасалган

Ош шаарында үстүбүздөгү жылдын 6-7-июнунда Улуттук Кызыл Ай коому тарабынан Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын журналисттерине тренинг өткөрүлдү. Тренингде “Кыргызстандын түштүк облустарынын аярлуу коомдоштуктарында офтальмологиялык кызматтарга жетүү мүмкүнчүлүгүн жана сапатын жакшыртуу” программасынын алкагындагы аткарылган иштер жөнүндө журналисттерге маалыматтар берилди. Аталган коомдун түштүк регионундагы бөлүмдөрүнүн жетекчилери өздөрү аткарган иштери боюнча айтып беришти.

Тренингке катышкан журналисттер тобу Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя аймактык ооруканасынын көз микрохирургия бөлүмү менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.  Кызыл-Кыя аймактык ооруканасынын директору Жалалидин Рахматуллаев журналисттерге Улуттук Кызыл Ай коому трабынан берилген жардамдар боюнча айтып берди.   

- Экинчи кезектеги оору жок. Адамдын ар бир мүчөсү өзүнчө бир эбегейсиз орунду ээлейт. Ошонун ичинен көздүн орду өзгөчө. Учурдан пайдаланып, администрациянын атынан Улуттук Кызыл Ай коомуна ыраазычылык билдирип кетким келет. Кызыл Ай коомунун колдоосу менен 2 жыл мурун көз микрохирургия бөлүмү 2,5 миллион сомдук жаңы заманбап атайын аппараттар менен камсыз болушту. Кызыл-Кыя шаары эки облустун ортосунда жайгашкан. Ош облусунун Ноокат, Араван жана Баткен облусунун Кадамжай райондорунан 200-300 миң калкты  тейлейт. Ошол себептен биздин ооруканадан жылына 21 миң оорулуу адам дарыланып кетишет. Оорукана 510 койкалуу. Мурда жылына 250 адамдын көзүнө операция жасалып келсе, жаңы жабдуулар келгенден кийин мунун саны эки эсеге өстү. Ал эми акыркы эки жылда көз оорулары менен жабыркаган адамдарга 1,5 миң операция жасалды.

Улуттук Кызыл Ай коому менен биргеликте иштеп, бир гана Кызыл-Кыя шаарынын тургандарынын көзүнө операция жасабастан, жакынкы Араван, Ноокат, Кадамжай райондорунун жана Баткен облусу боюнча көзү ооругандар мурдагыдай Бишкекке жол кире коротуп барбастан, бизде көздөрүнө операция жасатып жатышат. Мындан сырткары, 2 жылдан бери көздөрүн текшертип кеткен тургандардын саны да арбыды,- дейт Ж.Рахматуллаев.

Кызыл-Кыя шаарынын баш имам хатибинин орун басары Абдуллах ажынын сөзүнө караганда, 1,5 жыл мурун көзүн парда тосо баштаганын байкап калган. Анан быйыл көз дарыгерине кайрылган.

- Бир көзүмдү бозурайтып толугу тор тосуп калып, бир көзүм менен көрүп калган элем. Көз дарыгерине кайрылсам көздүн катаракты пайда боло баштаптыр деди. Анан 2019-жылы апрель айында ооруканага келип жаттым. Оң көзүмө Акрамжан Абдикаримов жарым саат операция жасады. Мага 10-15 минутадай эле сезилди. Эч нерсени сезген жокмун. Алгач 10 күндөн кийин, анан 20 күндөн кийин келип көрүндүм. Азыр жакшы, көзүм жакшы көрүп калды. Дарыгерлерге өзүмдүн ыраазычылыгымды айтам, - дейт Абдылах ажы.

Шаар тургуну, 65 жаштагы Марзия Мамытова эже да жакында оң көзүнө операция жасаткан. Операция жасаткандан кийин көзү жакшы көрүп калган.

“Операция жасагандан 10 күн өткөндөн кийин эле көзүм жакшы көрүп калды. Чын жүрөгүмдөн чыккан рахматымды Акун жана Эленорага айтамын. Колу жеңил дарыгерлердин ден соолугу чың, иштеринде ийгиликтер болсун. Кыргызстандын ушундай жетишкендигине өзүмчө сүйүнөм”, - дейт Марзия эже.

Баатыр эне 85 жаштагы Шаримхан Абдурахманова да көзүнө операция жасаган дарыгер Акунжанга жана Эленорага терең ыраазычылыгын билдирди. ”Колу жеңил көз дарыгерлерине өтө ыраазымын. Алар өздөрүнүн ширин сөздөрү, жакшы жасаган мамилеси менен биздин көзүбүздүн  тез арада сакайып кетишине жардам беришти. Колдору дарт көрбөсүн, узак жашасын”, - деп Шаримхан эне батасын берди.

Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя аймактык ооруканасынын көз микрохирургия бөлүмүнүн дарыгер – офтальмологу Акрамжан Абдикаримовдун берген маалыматына караганда, жаңы заманбап апараттар 2017-жылдын октябрь айында кеген. Ошондон бери катаракта жана глаукома көз ооруларына операциялар жасалып жатат. Германиядан көздү операция жасай турган микраскоп, шиловая лампа (көздү көрүп, диагноз коё турган аппарат) келген.

Операция жасаганга бул жаңы микраскоп абдан жакшы жардам берүүдө. Микраскоп көздүн ичиндеги структураларды бизге көрсөтүп бериши жакшы болуп жатат. Мурдагы микраскоп 70-жылдары чыгарылган эски болчу. Азыр биз эң соонун, эң жакшы микраскопту иштетип жатабыз. Биздикиндей миркраскоп облуста бизде гана бар. Республикалык деңгээлдеги, акыркы үлгүдөгү эң сонун микраскоп десек да болот. Акыркы учурда бизге көз оорулары менен кайрылган адамдардын саны көбөйдү. Себеби, көзгө диагноз жасоо үчүн да заманбап аппараттар келди. Ошол үчүн да ооруну аныктап, дарылоого бизде мүкүнчүлүктөр пайда болду.

Көз оору менен кайрылгандардын  саны да эки эсе көбөйдү. Азыр биз Кызыл Ай коому менен биргеликте  элге маалымат таратууда чогуу иштеп жатабыз. Текшергенде көз оорулар пайда болгондон кийин эле, аны кайда дарылоо керектигин айтабыз Бул аппараттар майда тамырчаларды көрүүгө жардам берет. Диагностиканы аныктай турган аппраттар ооруларды табууга жакшы жардам берип жатат. Акыркы эки жылда көзгө эки эсе көп операция жасалса, 2019- жылдын беш айында эле 200гө жакын операция жасалды, - дейт А.Абдикаримов.

Кабыл алуу бөлүмүнүн врач – офтальмологу Эльмира Темирбаеванын берген маалыматына караганда, быйылкы жылы 1280 адам көзүн текшертип кеткен. Ал эми 2017-жылы жаңы аппарат келгенден бери 5 миң адам көзүн текшерүүдөн өткөрүшкөн.

- Бизге Баткен облусунун Лейлек районунан баштап, Ош облусунун Араван, Ноокат райондорунан да келип көздөрүн текшерүүдөн өткөрүшөт. Тубаса көз оору менен төрөлгөн 10 жашка чейинки жаш балдарды гана Ош шаарына жиберебиз. Кызыл Ай коомунан келген заманбап аппараттардын жардамы менен бизге келген көз оорулардын баарына кеңештер берилип жатат. Бизге кайрылгандардын көпчүлүгү 40-50 жаштагылар глаукома менен оорушат. Глаукоманын эки түрү бар да, ачык жана жабык түрү. Көпчүлүгү ачык түрү менен оорубагандыктан улам, көзүм ооруп жатат деп жүрө беришип ооруну өткөрүп жиберишет. Катаракта менен 50 жаштан кийинки курактагылар кайрылышат. Акыркы учурда мектеп окуучулраынын арасында миапия менен көп ооруп жатышат. Мунун себеби, технологиянын өнүгүшү жана жаш балдар сотканы көп колдонушат. Жай мезгили башталганда курулуш иштери күчөп, бальгарка, сваркага,  кислотага көзүн күйгүзүп алгандар күнүнө 5-6 адам кайрылат, - дейт Эльмира Темирбаева.

 Ошондой эле, врач – офтальмолог Эльмира айым медиа – тур менен барган журналист кыздардын көздөрүн да текшерип, алардын ар бирине кеңешин берип, өзүнүн рецептерин жазып берүүгө жетишти.

Кызыл-Кыя аймактык ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүнүн башчысы Махаммад Кудайбергеновдун айтымына караганда, негизинен кайрылгандардын көпчүлүгү райондун айылдарынан келишет экен.

“Ооруларга карап туруп бөлүмдөргө жайгаштырабыз. Жай мезгили келип калгандыктан, жүрөк-кан тамыр, дем алуу органдары жабыркагандар, гипертониялык жана кант оорулары көп кездешет. Жайында курулуш иштери күчөгөндүктөн улам, көздүн травмасы менен көп кайрылышат. Көздүн кан басым ооруларын көпчүлүк байкабай да калышат”, - дейт М.Кудайбергенов.

Кызыл-Кыя шаарынын вице-мэри Асылбек Маткалыковдун берген маалыматына караганда, Улуттук Кызыл Ай коому өткөн жылы шаарга 2 миллион 500 миң сомдук жардам берген.

- Биз Улуттук Кызыл Ай коомунун берген каражатына көз ооруларын дарылай турган аппараттарды алып келгенбиз. Бүгүнкү күндө бир гана биздин шаардын тургундарына кызмат көрсөтпөстөн, коңшулаш Кадамжай, Ноокат, Араван райондорунун тургундарын да тейлеп жатышат. Аталган коом аярлуу, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө кийим-кечек, тамак-аштарды беришип, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды коляска менен камсыз кылып жатышат. Шаарда 52 миң 400 адам жашаган болсо, инвестиция тартуу жолу менен Арабтар аз камсыз болгон 25 үй-бүлөгө турак жай салып беришти. Азыр алар ошол үйдө жашап жатышат. Шаардагы көйгөйлүү болгон социалдык маселелерди инвестиция тартуу жолу менен чечүүгө аракеттенип жатабыз, - дейт  вице-мэр А.Маткалыков.

Макаланын соңунда, Улуттук Кызыл Ай коомунун колдоосу менен мындан ары да ушундай жакшы саамалыктар жасалып, адамдардын ден соолугун чыңдап, жашоо турмушун жакшы тарапка өзгөртүүгө жардам берүүнү уланта бериңиздер деген тилекти билдирип кетмекчибиз.

Анархан Жаңыбаева, Жалал-Абад-Ош-Кызыл-Кыя­-Жалал-Абад, kogart.kg

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абад облусунда квалификациялуу юридикалык жардам алгандардын...

Жалал-Абад облусунда квалификациялуу юридикалык жардам алгандардын...

Жалал-Абад облустук юстиция Башкармалыгынын кызматкерлери 26-июнь күнү жарандарга бекер...

АНАЛИТИКА 2019-06-24  19:11

Жалал-Абадда “Баардыгы үчүн коопсуз кан!” акциясы өттү (ФОТО)

Жалал-Абадда “Баардыгы үчүн коопсуз кан!” акциясы өттү (ФОТО)

Жыл сайын 14-июнь – Эл аралык Донорлор күнүнө карата Улуттук Кызыл Ай коому ар түрдүү ураан менен ар...

АНАЛИТИКА 2019-06-18  11:31

Ден соолук - бардыгы үчүн! (ФОТО)

Ден соолук - бардыгы үчүн! (ФОТО)

Жыл сайын 7-апрелде – Бүткүл Дүйнөлүк ден соолук...

АНАЛИТИКА 2019-04-08  04:05

Окуучулардын “Алтын сертификат” алуусуна түрткү берген Гүлжан...

Окуучулардын “Алтын сертификат” алуусуна түрткү берген Гүлжан...

Жалал-Абад шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу Михаил Бабкин атындагы №1...

АНАЛИТИКА 2019-03-30  20:23

Мугалим – мөмөлүү дарак! (ФОТО)

Мугалим – мөмөлүү дарак! (ФОТО)

Жалал-Абад шаарындагы алдыңкы мектептердин сап башында турган,  бир кылымга тете тарыхы бар...

АНАЛИТИКА 2019-03-29  18:23

Таланттарды таптаган, сынактардан калбаган «Ариет» балдар...

Таланттарды таптаган, сынактардан калбаган «Ариет» балдар...

Жакында Казакстандын борбору Нур-Султан (Астана) шаарында  өткөн “Астана жылдыздары – 2019"-...

АНАЛИТИКА 2019-03-27  16:22

Квалификациялуу юридикалык жардамды алууга кимдер укуктуу?

Квалификациялуу юридикалык жардамды алууга кимдер укуктуу?

Кыргыз Республикасынын бардык эле жарандары мамлекет тарабынан кепилденген акысыз юридикалык жардам...

АНАЛИТИКА 2019-03-21  21:03