KELECHEK

Голуновдун иши: ИИМдин эки генералы кызматынан бошотулду

Голуновдун иши: ИИМдин эки генералы кызматынан бошотулду

Орусиянын президенти Владимир Путин «Медуза» басылмасынын журналисти Иван Голуновдун ишине байланыштуу полициянын эки генералын кызматынан бошотту.

Москванын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Батыш административдик округу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Андрей Пучков жана ИИМдин Башкы башкармалыгынын Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын жетекчиси Юрий Девяткин кызматынан бошотулду. Мунун алдында ички иштер министри Владимир Колокольцев аларды иштен бошотууну Владимир Путинге сунуш кылган.

«Медузанын» кабарчысы Иван Голунов 11-июнда кечинде абактан чыккан. ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгынын алдында аны ондогон адамдар тосуп алышкан. Мунун алдында журналистке козголгон кылмыш иши токтотулган.

12-июнда Москвада жана Орусиянын бир катар шаарларында Голуновду колдогон акциялар өткөн. Москвадагы жүрүштө 500дөн ашык адам кармалган.

Иван Голунов 6-июнда баңгизат соодасына байланыштуу шек саналып кармалган. Адвокаты анын чөнтөгүнө жана батирине баңгизат атайын ташталганын билдирген.

Голунов өзүнө каршы козголгон кылмыш ишин кийинки убакта иликтеп жүргөн көрүстөн бизнесине байланыштырып жатат. Ал иликтөө ушул күндөрү жарыяланмак.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Текебаев менен Чотоновдун иши кайра кароого жөнөтүлдү

Текебаев менен Чотоновдун иши кайра кароого жөнөтүлдү

 «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек...

УКУК 2019-08-21  19:34

Атамбаевдин камактагы мөөнөтү 26-октябрга чейин узартылды

Атамбаевдин камактагы мөөнөтү 26-октябрга чейин узартылды

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 26-октябрга...

УКУК 2019-08-20  18:38

ЕККУ «Апрелдин» жабылышына тынчсыздануусун билдирди

ЕККУ «Апрелдин» жабылышына тынчсыздануусун билдирди

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) жалпыга маалымдоо каражаттары боюнча...

УКУК 2019-08-16  01:58

Бишкек шаардык соту Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасын карайт

Бишкек шаардык соту Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасын карайт

Бүгүн, 16-августта Бишкек шаардык соту Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы боюнча даттануу...

УКУК 2019-08-16  02:42

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова үй камагына чыкты

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова үй камагына чыкты

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова үй камагына чыкты. Бул тууралуу анын жакындары...

УКУК 2019-08-16  02:45

Кундуз Жолдубаеванын үйү тинтүүгө алынды

Кундуз Жолдубаеванын үйү тинтүүгө алынды

Аскер прокуратурасы Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрагасынын орун басары Кундуз...

УКУК 2019-08-15  12:30