KELECHEK
rek

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан дүйнөдөгү эң ири онлайн билим берүүчү Coursera платформасына Крым жана Севастополь аймагында иштөөгө расмий түрдө уруксат берди. Бул тууралуу шейшембиде ресурстун Жогорку экономика мектебиндеги орусиялык өнөктөштөрүнө таянып “Коммерсант” жазды.

АКШнын Каржы министрлигинин Office of Foreign Assets Control бөлүмү июндун аягында атайын лицензия берди.

Басылма жазгандай, 2015-жылы эл аралык конференция өтүп жатканда ЖЭМ ректору Ярослав Кузьминов санкциялар "билим берүүдөгү глобалдык коомдук жыргалчылык деген идеяны жокко чыгарып салууда” деп билдирген. АКШнын академиялык коомчулугу бул позицияны колдоого алган. Кийинчерээк орусиялык глобалдык университеттер ассоциациясы Coursera негиздөөчүсү Дафна Коллерге расмий түрдө кайрылып, платформаны Крым жашоочулары үчүн кайра ачууну өтүнгөн.

Coursera билим берүү платформасы Крым тургундары үчүн 2015-жылдын 1-февралынан тарта жабык болуп турган. Буга Крымдын аннекцияланышы менен Украинанын чыгышындагы жаңжалга карата Орусияга каршы киргизилген санкциялар себеп болгон.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...

Тажикстан: ММКнын башкы көйгөйү - расмий маалымат алуу

Тажикстан: ММКнын башкы көйгөйү - расмий маалымат алуу

Тажикстан өкмөтүнүн “Ховар” маалымат агенттигине расмий маалымат алууда артыкчылык берүү...