KELECHEK
rek

Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча сунушту парламенттин жарымы колдоду

Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча сунушту парламенттин жарымы колдоду

Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча сунушту Жогорку Кеңештин 60 депутаты колдоп, кол коюп берди. Бул тууралуу «Азаттыкка» сунуштун демилгечиси, депутат Канатбек Исаев билдирди.

Анын айтымында, эми маселени бул боюнча түзүлгөн атайын комиссия, анан жалпы парламент карашы керек.

- Комиссия биз айткан дооматтарда чындык барбы, же жөн эле куру сөзбү - ошону текшерет. Тереңирээк иликтеп, биздин сөзүбүз фактылар менен дал келсе, комиссия сунушту Жогорку Кеңешке алып чыгат. Жогорку Кеңеш аны Башкы прокуратура жөнөтөт. Башкы прокуратура текшере турган жагдайлар бар экенин ырастаса, кайра парламентке келип экс-президенттин кол тийбестигинен ажыратууга уруксат сурашы керек. Натыйжада парламент кайра жалпы жыйында экс-президенттин кол тийбестигин алууну карайт. Эгерде аны парламенттин үчтөн экиси, тагыраагы 80 депутат колдосо, анда Атамбаевдин кол тийбестиги алынып салынат да, Башкы прокуратура ага карата тергөө иштерин жүргүзө алат. Ошонун жыйынтыгы менен мурдагы мамлекет башчыны күнөөлүү же күнөөлүү эмес деп айтса болот , - деди ал.

Канатбек Исаев комиссиянын курамы, жыйыны бүгүн толук белгилүү болорун кошумчалады.

12-июнда парламенттин жалпы жыйынында депутаттар Канатбек Исаев, Талант Мамытов жана төрага Дастанбек Жумабеков мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ишмердүүлүгүн жана соңку билдирүүлөрүн кескин сындап, ага тиешелүү баа берүүгө үндөшкөн. Алар экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу боюнча демилге көтөрүп, муну 40тай депутат колдоого алган.

Жогорку Кеңеште жалпы 120 депутат бар.

Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган. Өзү парламенттеги соңку демилгеге комментарий бере элек. 8-июнда ал Бишкекте өткөн митингде өзүн актап, азыркы бийликти сындаган. Атамбаевдин тарапкерлери муну атайын даярдалган сценарий деп баалашты.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53