Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13- июнда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келген Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту.
Эки тараптуу, анын ичинде ЕАЭБ, ЖККУ жана ШКУ алкагында мамилелердин мындан аркы өнүгүүсүнүн азыркы абалы жана келечеги талкууланды.
Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевди президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады жана анын мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.
Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаевди Кыргызстанга расмий визит менен келүүгө дагы бир жолу чакырды.
Казакстан Президенти жаңы шайланган Мамлекет башчысы катары алгачкы чет элдик визит менен Кыргызстанга келгени үчүн кубанычтуу экенин баса белгиледи.
Касым-Жомарт Токаев боордош Кыргызстан менен кызматташтыкты тереңдетүү жана өнүктүрүү үчүн бардык аракетин жумшай турганын белгиледи.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12