KELECHEK

Орусия мекенине кайткан Кыргызстан, Казакстан жана Армения мигранттарына пенсия төлөйт

Орусия мекенине кайткан Кыргызстан, Казакстан жана Армения мигранттарына пенсия төлөйт

Орусия Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдөн – Армения, Беларус, Казакстан жана Кыргызстандан келген эмгек мигранттары мекенине кайтса да, аларга пенсия төлөй баштайт.

Учурда биримдик ичинде жарандарды пенсия менен камсыздандыруу боюнча документ даярдалууда. Төлөм 2020-жылдан баштап жүргүзүлөт жана анын суммасы улам көбөйүп турат. Бул тууралуу РБК агенттиги билдирди.

Азыркы норма боюнча Орусия бул өлкөдө туруктуу жашаган кишилерге гана пенсия төлөйт. Мамлекеттен чыгып кеткен мигранттар пенсия албайт. Жаңы келишимде төлөм схемалары өзгөрөт. Ага ылайык, Орусияда иштеп жүрүп пенсияга чыккандар жер которсо да акчасын ала берет. Эгер орусиялык жаран ардактуу эс алууга чыгып, кийин башка өлкөдө жашап калса, ага да пенсияны Орусия төлөйт.

Орусия мыйзамдарына ылайык, учурда иш берүүчүлөр чет өлкөлүк жумушчулары үчүн пенсия фондуна акча которот, бирок алар пенсия алуу укугуна ээ эмес. Бул акчалар кайда кетип жатканын пенсия фонду ачыктоодон баш тарткан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Өзбекстанда

Өзбекстанда "Адабият гезитине" азыркы режимди сындоого тыюу салынды

Өзбекстан президентинин администрациясынын Маалымат жана байланыш агенттиги “Адабият...

Гүлнара Каримова Мирзиёевден жардам сурады

Гүлнара Каримова Мирзиёевден жардам сурады

Өзбекстандын мурдагы президентинин кызы Гүлнара Каримова гумандуу болуу...

Гүлнара Каримованын швейцариялык адвокаты кайрадан Ташкентке келди

Гүлнара Каримованын швейцариялык адвокаты кайрадан Ташкентке келди

Өзбекстандын маркум президентинин улуу кызы Гүлнара Каримованын...

Түркмөнстан президенти уулун губернатор кылып дайындады

Түркмөнстан президенти уулун губернатор кылып дайындады

Сердар Бердымухамедов

Түркмөнстандын президенти...

Адвокат Гүлнара Каримованын абалы начар экенин билдирди

Адвокат Гүлнара Каримованын абалы начар экенин билдирди

Гүлнара Каримованын швейцариялык адвокаты Грегуар Манжа (Grégoire Mangeat) Зангиата...

Гүлнара Каримованын кызы өзбек бийлигине кайрылды

Гүлнара Каримованын кызы өзбек бийлигине кайрылды

Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримовдун 21 жаштагы небереси Иман Каримова...

Египеттин мурдагы президенти Мохаммед Мурси сот залында каза болду

Египеттин мурдагы президенти Мохаммед Мурси сот залында каза болду

Мухаммед Мурси сот залында. Декабрь, 2015-жыл.

Египеттин экс-президенти жана «Мусулман...