KELECHEK

Касым-Жомарт Токаев президенттик кызматка киришти

Касым-Жомарт Токаев президенттик кызматка киришти

Казакстандын шайланган президенти Касым-Жомарт Токаев

 

Казакстандын шайланган президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн ант берип, расмий түрдө мамлекет башчы кызматына киришти.

Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча 9-июндагы кезексиз президенттик шайлоодо Токаев шайлоочулардын дээрлик 71 пайызынын добушун алган.

Токаев өлкө президенти катары экинчи жолу ант берди. Анын алкачкы инаугурациясы 20-мартта, өлкөнү дээрлик 30 жыл башкарган Нурсултан Назарбаев отставкага кеткенден кийин өткөн. Ошол эле күнү кызматка киришкен Токаев парламент сенатынын спикерлигине Назарбаевдин улуу кызы Дарига Назарбаеваны дайындаган.

Токаев 11-июнда өткөргөн маалымат жыйынында мурдагы президенттин стратегиясын ишке ашыруунун үстүндө иштей турганын белгилеп, сырткы жана ички саясатта президенттин ролун азайтуу ниети жок экенин билдирди. Анын айтымында, ички саясат биринчи кезекте социалдык маселелерди чечүүгө, ишкерлерди колдоого жана инвестицияларды коргоого багытталат. Мындан тышкары «жарандык коомду өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурууну» убадалаган Токаев Коом ишениминин улуттук кеңеши деп аталган атайын орган түзүү чечимин кабыл алганын жарыялады.

Өз кезегинде Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Казакстандагы шайлоого көз салган байкоочулары добуш берүүдө жарандардын «негизги укуктары бузулганын» билдиришти.

Казакстандагы митингдер «Токаев — менин президентим эмес» деген ураандар менен өтүп жатат. Анын катышуучулары шайлоо таза жана акыйкат өткөн жок деп эсептешүүдө. Полиция 9-июндан бери жалпысынан 700гө жакын кишини кармаса, алардын 550сү административдик жоопкерчиликке тартылды.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Путин Евробиримдикке карата санкцияларды узартты

Путин Евробиримдикке карата санкцияларды узартты

Орусия президенти Владимир Путин Евробиримдикке киргизилген санкцияларды узартуу...

ДҮЙНӨ 2019-06-25  19:06

АКШ Ирандын лидерине каршы санкция киргизет

АКШ Ирандын лидерине каршы санкция киргизет

Али Хаменеи

Америка Кошмо Штаттары Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеиге каршы санкция...

ДҮЙНӨ 2019-06-25  19:10

Трамп 2020-жылкы шайлоо өнөктүгүн баштаганын билдирди

Трамп 2020-жылкы шайлоо өнөктүгүн баштаганын билдирди

Дональд Трамп Флоридадагы тарапташтары менен жолугушууда

АКШнын президенти Дональд Трамп...

ДҮЙНӨ 2019-06-20  14:19

АКШ Жакынкы Чыгышка дагы 1000 аскерин жөнөтөт

АКШ Жакынкы Чыгышка дагы 1000 аскерин жөнөтөт

Иллюстрациялык сүрөт

АКШ Жакынкы Чыгышка дагы 1000 аскер кызматкерин...

ДҮЙНӨ 2019-06-19  09:56

Трамп: Кийинки жумада мыйзамсыз жүргөн мигранттар өлкөдөн жапырт...

Трамп: Кийинки жумада мыйзамсыз жүргөн мигранттар өлкөдөн жапырт...

Дональд Трамп АКШнын аймагында мыйзамсыз жүргөн миллиондогон...

ДҮЙНӨ 2019-06-19  10:45

АКШ Украинага 250 миллион долларлык аскердик жардам берет

АКШ Украинага 250 миллион долларлык аскердик жардам берет

АКШнын Коргоо министрлиги Украинага 250 миллион долларлык аскердик жардам бере турганын...

ДҮЙНӨ 2019-06-19  10:55

Эрдоган: Орусиянын С-400 комплекстери Түркияга июлда жеткириле баштайт

Эрдоган: Орусиянын С-400 комплекстери Түркияга июлда жеткириле баштайт

Орусиянын С-400 зениттик-ракеталык системалары Түркияга июлдун биринчи жарымында...

ДҮЙНӨ 2019-06-18  13:48