KELECHEK

Ошто казиного уттурган жигит муунуп өлдү

Ошто казиного уттурган жигит муунуп өлдү

Иллюстрациялык сүрөт

Мындан бир ай мурун Оштогу «Делюкс» мейманканасында жайгашкан казинонун бетин ачып, канча акча уттурганынан бери айтып берген Темурлан Алиев өз жанын кыйды.

2-июнь күнү аны өз үйүнүн ашканасында асылып турган жеринен тапкан жакындары Ош шаардык ооруканасына жеткиришкен. Бирок ал эсине келе албай бир жума жатып, 8-июнь күнү ооруканада көз жумду.

Ош шаардык милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков өз жанына кол салган Алиевдин иши анын казино боюнча жазган арызына тиркеле турганын билдирди.​ ​«2-июнда ашканада асылып турган жеринен табылып, ооруканага жеткирилген. Жети күн бою комада жатып, 8-июнда үзүлүптүр. Бул факт Ош шаардык милициясында өзүн өзү өлтүрүү катары катталган. Бирок анын өлүмү менен анын мурунку жазган арызы боюнча козголгон кылмыш иши бириктирилип каралышы керек деген ойдомун», — деди басма сөз катчы. ​

Муунуп жантаслим болгон Темурлан Алиевдин артында эки өспүрүм кызы жана аялы калды. Жакындарынын айтымында Темурлан акыркы учурларда көчөгө чыкпай калган. «Коомчулукка ачыкка чыккандан кийин бала көчөгө чыкпай ойго чөмүлүп калган эле, - дейт атын айткысы келбеген жакын туугандарынын бири. - Такыр көчөгө чыкпай койду. Же катуу уялдыбы? Же бирөө-жарым коркуттубу? Анысы бизге белгисиз. «Чык, мечитке бар. Намаз оку», - дедик. «Макул», - деп коёт. Барган жок. «Кимдир-бирөө коркутту беле?» - деп аялынан сурасак: «Билбейм», - дейт».

Темурландын атасы Рахман Алиев учурда уулун жерге узатып, аза күтүп отурат. Ал казинолордун жабылышы үчүн аягына чейин күрөшөрүн айтууда: «Бизде «кумарканалар жабылсын» деген мыйзам чыккан. Кыргызстанда кумарга тыюу салынган. Анан булар кантип ачык-айкын иштеп жатат? Мен ушуга түшүнбөйм. Эгерде мен өлбөсөм кумарканалардын аягына чыгам. Керек болсо Сооронбай Жээнбековго чейин барам. Мен алтымыштан өткөн чалмын. Эгер Кудай мага өмүр бербей алып кетсе - анда айла жок».

Мындан бир ай мурун маркумдун атасы Рахман Алиев уулу уттурган акчанын жалпы суммасы 6,5 миллион сомго жеткенин, үйдө нанга да акча калбаганын айткан болчу: ​«Балам үч жылдан бери үч бөлмөлүү үйдү, алты машинени уттурду. Кичүү балам Орусияда иштеп таап жиберген акча кетип жатты. Тапканыбыз ушул кумарканага кетип атат. Кемпирим экөөбүз пенсиядабыз. Мына акыркысында бирөөдөн ижарага алып иштетип отурган «Портер» машинени уттуруп жибериптир. Эми аны кантип ордуна коюуну билбей турабыз».

Казинонун азабын тарткан Алиевдер кумарканага кеткен акчасын кайтарууну укук коргоо органдарынан талап кылышкан. Бирок ал акчадан бир тыйын да кайта элек. Тергөө аягына чыга элек.

Ал арада Ош шаардык кеңешинин депутаттары сөз болуп жаткан «DeLuxe» мейманканасынын кожоюну Мукан Алыкуловго «Ош шаарынын ардактуу атуулу» деген наам ыйгарганга үлгүрүштү. Ал эми анын ичиндеги казино катары кеп болуп жаткан жайдын ээси ким экени ушу күнгө чейин ачык айтыла элек.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Түркмөнстанда 18 жаштагы жоокер каза болду

Түркмөнстанда 18 жаштагы жоокер каза болду

Түркмөнстан (архив сүрөт)

20-августта Түркмөнстандын...

Жалал-Абадда борбордук базардын 2500 чарчы метр аянты күйүп кетти

Жалал-Абадда борбордук базардын 2500 чарчы метр аянты күйүп кетти

Жалал-Абад шаарында 2019-жылдын 21-август күнү саат 00:33тө Бакиев жана Айтматов көчөлөрүнүн...

Өрттөн улам Гран-Канария аралында 9 миңден ашуун адам көчүрүлдү

Өрттөн улам Гран-Канария аралында 9 миңден ашуун адам көчүрүлдү

Гран-Канария, Испания

Испаниянын Гран-Канария аралындагы токой...

Тажикстанда пенсия берүү мекемесинде 100 миң доллар уурдоо фактысы...

Тажикстанда пенсия берүү мекемесинде 100 миң доллар уурдоо фактысы...

Душанбеде райондук Социалдык камсыздандыруу жана пенсия берүү...

Прокурордун жардамчысы 3 миң доллар пара алып жаткан учурда кармалды

Прокурордун жардамчысы 3 миң доллар пара алып жаткан учурда кармалды

Ушул жылдын 13-августунда Токмок шаардык прокурорунун К.Т. аттуу жардамчысы 3 миң доллар пара алып...

Полковник Ниязбековду өлтүрүүгө шектүү киши кармалды

Полковник Ниязбековду өлтүрүүгө шектүү киши кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) «Альфа»...