KELECHEK

Сот Аида Салянованы камакта калтырды

Сот Аида Салянованы камакта калтырды

Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын мурдагы депутаты, экс-башкы прокурор жана мурдагы юстиция министри Аида Салянованын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча адвокаттардын доо арызын бүгүн карап, аны камакта калтырды. Муну менен мурдагы инстанциянын чечими өзгөртүлгөн жок.

Сот жабык өткөнүн жеринен «Азаттыктын» кабарчысы билдирди. Сотко мурдагы башкы прокурордун 20 чакты жакындары, тарапкерлери келишкен. Анын жакын туугандарынын бири Чынара Турдалиева Салянованы колдоо боюнча кол топтолуп жатканын, мындан тышкары президентке кайрылуу да жибериле турганын кабарлады.

5-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту Аида Салянованын бөгөт чарасын карап, аны 26-июнга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагында камоо тууралуу чечим чыгарган. Мурдагы депутат кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулушу боюнча 3-июнда 48 саатка Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Акыркы күндөрү Саляновага №1 тергөө абагында коркутуу, кысым болуп жатканын анын адвокаттары, партиялаштары айтып жатышат. Мындан улам алар мурдагы депутаттын бөгөт чарасын өзгөртүүнү талап кылып келишкен. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы бул айтылгандарды четке каккан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Башкы прокуратура Атамбаевге коюлган беш айыпты негиздүү деп тапты

Башкы прокуратура Атамбаевге коюлган беш айыпты негиздүү деп тапты

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратыш үчүн...

УКУК 2019-06-25  19:00

Швейцария Каримованын 133 млн. долларын Өзбекстанга кайтарат

Швейцария Каримованын 133 млн. долларын Өзбекстанга кайтарат

Швейцариянын Башкы прокуратурасы Гүлнара Каримовго байланыштуу козголгон кылмыш...

УКУК 2019-06-25  20:00

Жогорку сот Текебаевдин ишинин жаңы жагдайларын июлда карайт

Жогорку сот Текебаевдин ишинин жаңы жагдайларын июлда карайт

Кыргызстандын Жогорку соту «Ата Мекен» партиясынын түрмөдөгү лидери, учурда Мирсаид Миррахимов...

УКУК 2019-06-20  14:25

Түлеев шайлоо алдында Атамбаевге 500 миң доллар карыз бергенин билдирди

Түлеев шайлоо алдында Атамбаевге 500 миң доллар карыз бергенин билдирди

Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеев экс-президент Алмазбек Атамбаевге шайлоо...

УКУК 2019-06-19  09:52

Казакстандагы митингдер маалында төрт миңге жакын киши кармалган

Казакстандагы митингдер маалында төрт миңге жакын киши кармалган

Казакстанда июнь айындагы нааразылык акциялары маалында төрт...

УКУК 2019-06-19  09:59

«Азаттыктын» тажик кызматынын журналисттерине кол салган айдоочу...

«Азаттыктын» тажик кызматынын журналисттерине кол салган айдоочу...

Шохмансур райондук сотунун имараты

Душанбенин Шохмансур райондук соту «Азаттык»...

УКУК 2019-06-19  10:15

Самарканд бийлиги жергиликтүү тургундарды облус башчысынын айылында...

Самарканд бийлиги жергиликтүү тургундарды облус башчысынын айылында...

Өзбекстанда Самарканд облусунун башчысы Эркинжон Турдимов...

УКУК 2019-06-19  10:27