Ашхабаддагы мектеп бүтүрүүчүлөрү шашылыш аскерге чакырылууда
Түркмөнстан (иллюстрациялык сүрөт)
Ашхабадда 18 жашка толгон мектеп бүтүрүүчүлөрү шашылыш түрдө аскерге кызмат өтөөгө чакырылууда. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, айрым аскердик комиссариат өкүлдөрү жазгы чакыруу өнөктүгү аяктаганга чейин үлгүрүп калуу үчүн мугалимдерге кайрылып, сынак тапшыруу жараянын тездетүүнү өтүнүп жатышат.
«Менин кошунамдын кызы быйыл мектепти аяктап жатат. Ал классташтарынын айрымдары аскерге чакырылганын ырастады. Алардын аттестаттарын ата-энелери алып коймой болушуптур», - деди басылманын кабарчысы.
Түркмөнстандагы айрым мектептерде акыркы бүтүрүү экзамендери 7-июнда аяктады. Быйыл 20-мартта жарыяланган жазгы аскерге чакыруу өнөктүгү апрелде башталган.
Акыркы айларда түркмөн бийлиги жарандарды аскерге тартуу боюнча чараларды күчөтүүдө. Быйыл февралда «Азаттыктын» түркмөн кызматы Лебап облусунда жана Ашхабад шаарында ден соолугуна байланыштуу кызмат өтөөгө жараксыз өспүрүмдөр дагы аскерге алынып кетип жатканын кабарлаган. Мындан тышкары марттан тарта бийлик чет өлкөлөрдө окуган аскер курагындагы жарандарын кайтаруу аракетин баштаганы кабарланган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди
АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-07-05 23:23
Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди
Расмий Берлиндин пикиринде, азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:18
Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды
Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:25
Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...
Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 21:37
Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал
Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:23
Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды
Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:47
National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат
National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 16:04