KELECHEK

Казакстанда аткезчилик үчүн кармалган кыргыз жарандарынын туугандары президентке кайрылышты

Казакстанда аткезчилик үчүн кармалган кыргыз жарандарынын туугандары президентке кайрылышты

Алматыдагы сот. 2-ноябрь, 2018-жыл

Казакстанда аткезчиликке байланыштуу камакта отурган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу менен кошо кармалган нарындыктар Уланбек Мурадилов менен Чыңгыз Абакировдун жакындары президентке кайрылышты.

Алар кыргыз бийлиги казак тарапка барып, жакындарынын күнөөсүз экенин далилдеген фактыларды көрсөтүүгө жардам кылуусун суранып жатышат.

Уланбек Мурадиловдун иниси Нурлан Мурадилов Алматы шаарынын райондук соту чыгарган өкүмгө макул эмес. Ал сот ишти калыс караган жок деп эсептейт.

«Байкемдин жана анын жанындагылардын сотуна катышкан кишиге калыс чечим чыкпаганы даана көрүнүп турду, - дейт ал. - Сот калыс караган жок. Бир тараптуу карады. Биз адвокаттар аркылуу болгон далилдерди өткөрүп бердик. Анда байкемдин күнөөсүз экени так көрсөтүлгөн. Байкемдин жанынан чыкты деп айыптап жатышкан акчаны бирөөлөр жанына ыргытып коюшканын видеотасма аркылуу көрсөтүп бердик. Бирок аны далил катары тааныбай коюшту. Биздин эми күчүбүз жетпей калды. Башка өлкөдө жүргөндүктөн биздин укугубуз жетиштүү корголбой калды. Ушундан улам биз президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып жатабыз. Кыргызстандын тиешелүү органдары Казакстанга барып, биздин фактыларды көрсөткөнгө жардам беришин суранабыз», — деди ал.

Уланбек Мурадилов 2008-жылы Нарын шаардык кеңешине депутат болуп шайланган. 2010-жылы Нарын шаарынын биринчи вице-мэри болгон. Бул кызматта бир жылдан ашык иштегенден кийин «Мегаком» уюк байланыш компаниясынын Нарындагы филиалында, андан кийин Ошто иштеп келген.

Ал эми Чыңгыз Абакиров - Мурадиловдун өкүл баласы. Мектепти Нарын шаарынан аяктаган соң Бишкекте окуусун улантып, иштеп калган. Ал былтыр Казакстандан кармалганда келинчеги Мээрим Таалайбекова кош бойлуу болчу.

«Мен Чыңгыздын жубайы болом, - деди келинчеги. - Ал үч баланын атасы. Жолдошум кармалганда боюмда бар эле. Ал балам төрөлүп, 9 айлык болуп калды. Ата-энебиздин жашы өтүп калган, эжеси да экинчи топтогу майып. Үйдүн түйшүгү күйөөмдүн мойнунда эле. Акыркы жолу ага бирөө телефон чалган. Ошондо шашып чыгып кетти. Андан кийин Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан кармалганын уктук. Анын эч кандай күнөөсү жок, аны депутат Дамирбек Асылбек уулуна жана Уланбек Мурадиловго доомат коюу максатында чакыртып алышкан. Сот учурунда да ага эч кандай далилдүү фактыларды келтире алышкан жок. Бирок ошого карабай аны да сот жообуна тартып, сегиз жылга мыйзамсыз камап коюшту», — деди ал.

24-апрелде Алматы шаарынын райондук соту аткезчиликке байланыштуу айыпталган Дамирбек Асылбек уулун эки берене боюнча күнөөлүү деп таап, жалпысынан 10 жылга кескен. Аны менен кошо кармалган кыргызстандыктар Уланбек Мурадилов 10 жылга, Чыңгыз Абакиров 8 жылга эркинен ажыратылган.

Былтыр 15-16-февралда Казакстандын күч түзүмдөрү Алматы шаарында, Түштүк Казакстан, Жамбыл облустарында атайын операция жүргүзүшкөн. Анын алкагында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты менен кошо Кыргызстандын дагы эки жараны – Уланбек Мурадилов менен Чыңгыз Абакиров камалган. Казак бийлиги кармалгандарды «чек арадан аткезчилик менен ири өлчөмдө жүк өткөрүү менен алектенет» деп айыптаган.

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Дамирбек Асылбек уулун депутаттык мандаттан 16-апрелде ажыраткан. 37 жаштагы Дамирбек Асылбек уулу «Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

КСДП: Атамбаев курал колдонуу жөнүндө мыйзамды жакшы билет

КСДП: Атамбаев курал колдонуу жөнүндө мыйзамды жакшы билет

Алмазбек Атамбаевдин сыйлыкка берилген куралы бар жана ал аны колдонуу...

КООМ 2019-06-24  18:45

Орозбек Опумбаев Кыргыз Республикасынын УКМК төрагасы болуп...

Орозбек Опумбаев Кыргыз Республикасынын УКМК төрагасы болуп...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Опумбаев Орозбек...

КООМ 2019-06-19  11:07

Жакыр үй-бүлөлөргө 100 миң сомго чейин жардам берүү сунушталууда

Жакыр үй-бүлөлөргө 100 миң сомго чейин жардам берүү сунушталууда

Өкмөт «Жакыр жашаган жана аз камсыз болгон...

КООМ 2019-06-18  13:16

Казакстанда 273 миң үй-бүлө даректүү социалдык жардам алды

КООМ 2019-06-18  13:23

Назарбаевдин айланасындагы аткаминерлерге аэропорттордун...

Назарбаевдин айланасындагы аткаминерлерге аэропорттордун...

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин айланасындагы аткаминерлерге...

КООМ 2019-06-18  14:04

ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Бишкектеги Саммитин 500дөн...

ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Бишкектеги Саммитин 500дөн...

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин Бишкек шаарында өтө турган...

КООМ 2019-06-14  11:42

Президент Сооронбай Жээнбеков КЭР Төрагасы Си Цзиньпинге биринчи...

Президент Сооронбай Жээнбеков КЭР Төрагасы Си Цзиньпинге биринчи...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-июнда Кытай Эл Республикасынын...

КООМ 2019-06-13  17:55