KELECHEK

Президенттик шайлоо күнү Казакстанда 500дөй киши кармалды

Президенттик шайлоо күнү Казакстанда 500дөй киши кармалды

Шайлоо күнү Алматы жана Нур-Султанда 500дөй киши полиция бөлүмдөрүнө жеткирилди. Бул тууралуу Казакстандын ички иштер министринин орун басары Марат Кожаев билдирди.

Журналисттер үчүн өткөн брифингде Кожаев каршылык акцияларын «радикалдуу мүнөздөгү элементтер тарабынан коомдук абалды туруксуздаштыруу аракети» деп атап, алардын катышуучулары «чагымчылдар» экенин айтты. Ал полиция мыйзам чегинде иш алып барганын кошумчалады.

Вице-министр митинг катышууларынын биринин өлгөнү тууралуу маалыматты төгүндөдү. Кожаевдин айтымында, Алматыда нааразылыкка чыккандар арасында медициналык жардам сурагандар болгон эмес, Нур-Султанда 12 киши дарыгерлерге кайрылган.

Брифингге бир нече саат калганда Кожаев эки ири шаарда жүздөй адам кармалганын кабарлаган.

Окуя болгон жердегилер тарткан видеолордо полиция бир нече адамды күч менен алып кеткенин көрүүгө болот. Алар «Бойкот», «Маскара» деп кыйкырышкан. Алматыда жагдайды чагылдырып жаткан «Азаттыктын» казак кызматынын журналисти Петр Троценко да полиция бөлүмүнө жеткирилген. Нур-Султанда кабарчы Сания Тойкен эки жолу кармалып, кийин бошотулган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абад: 53 жоокер аскерге жөнөп кетти (ФОТО)

Жалал-Абад: 53 жоокер аскерге жөнөп кетти (ФОТО)

Өткөн жума соңунда Жалал-Абад шаарында жаш жоокерлерди аскерге узатуу  салтанаты өттү....

КООМ 2019-09-16  13:14

БУУ Тажикстанды калкты таза суу менен камсыздоо үндөдү

БУУ Тажикстанды калкты таза суу менен камсыздоо үндөдү

БУУнун суу жана санитардык кызматтар боюнча атайын баяндамачысы Лео Хеллер Тажикстан...

КООМ 2019-09-16  16:14

Муктар Джумалиев Кыргызстандын Люксембургдагы Элчиси жана Түндүк...

Муктар Джумалиев Кыргызстандын Люксембургдагы Элчиси жана Түндүк...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-сентябрда кол койгон Жарлыкка ылайык,...

КООМ 2019-09-13  19:34

Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча коомдук уюмдардын жетекчилери...

Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча коомдук уюмдардын жетекчилери...

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев бүгүн, 10-сентябрда, коррупцияга...

КООМ 2019-09-10  20:48

Эл аралык мелдештерде байгеге ээ болгондор сыйланышты (ФОТО)

Эл аралык мелдештерде байгеге ээ болгондор сыйланышты (ФОТО)

Бүгүн, 9-сентябрда Жалал-Абад ОИИБнин имаратында бир катар эл аралык мелдештерден байгелүү орундарды...

КООМ 2019-09-09  18:50

Гүлмира Кудайбердиева министрлик кызматтан бошотулду

КООМ 2019-09-05  16:25