KELECHEK
rek

Аида Салянова 26-июнга чейин камалды

Аида Салянова 26-июнга чейин камалды

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Аида Салянованын бөгөт чарасы каралып, ал 26-июнга чейин камакка алынды. Жараянга жактоочусунан башка эч ким киргизилген жок.

Мурдагы башкы прокурор жана «Ата Мекен» фракциясынын мурдагы депутаты Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча 3-июнда кечинде 48 саатка кармалган. Эки күндөн бери Салянованын бөгөт чарасы каралышын күтүп жакындары соттун имаратынын алдында турушкан.

Алгач Салянованын бөгөт чарасы 4-июнда Биринчи май райондук сотунда саат үчтө карала турганы айтылып, бирок Салянова сотко жеткирилген эмес.

Буга чейин Салянова Батукаевдин бошотулганын ал өлкөдөн чыгып кеткенден кийин гана билгенин «Азаттык» радиосуна айткан.

Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, Орусияга чыгып кеткенине байланыштуу кылмыш иши быйыл кайра иликтене баштады. Ишти тергеп-иликтөө милдети Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө кызматына жүктөлгөн. Буга чейин да бир катар аткаминерлер жана мамлекеттик кызматкерлер Батукаевдин ишине байланыштуу кармалган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53