KELECHEK

Ташкентте дарыгерлер ремонт үчүн акча чогултууга милдеттендирилди

Ташкентте дарыгерлер ремонт үчүн акча чогултууга милдеттендирилди

Ташкентте Онкология жана радиология борборунун филиалынын  ремонт үчүн акча төлөбөгөн дарыгерлери бейтаптарды кабыл алуу жана операция жасоо укугунан ажыратылышы мүмкүн.

Ар бир дарыгер болжол менен ремонт үчүн 150 доллар төлөөгө милдеттендирилген.

Дарыгерлер Теlegram​ мессенжери аркылуу келген билдирүүнүн скриншотун таратышты.

“Директордон буйрук келди. Кафедрага өз эсебибизден ремонт жасашыбыз керек. Нигара Эргешова экөөбүз усталар менен макулдаштык. Эки кафедранын ремонту 10 000 000 сум (1200 АКШ доллары) болот. Ар бир кызматкерден 1 286 000 сумдан (150 АКШ доллары) чогултуу керек. Жетекчилик буга каршы чыккан дарыгерлердин бейтаптарды кабыл алышына тыюу салынарын эскертти. 2-3 күн аралыгында баардык дарыгерлер акча берүүгө милдеттүү”.

“Азаттыктын” өзбек кызматы онкология кафедрасынын ассистенти Уктам Курбанкуловго байланышканда, ал “эгер менин билдирүүмдү жарыяласаңар, мен силдерди сотко берем” деп опузалады.

Онкология кафедрасынын бөлүм башчысы Нигара Атаханова ремонт үчүн дарыгерлерден акча чогултулуп жатканы тууралуу маалыматты четке какты.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Өзбекстанда дарыкана ээлери мөөнөтү өтүп кеткен дарыларды сатууга...

Өзбекстанда дарыкана ээлери мөөнөтү өтүп кеткен дарыларды сатууга...

Өзбекстандагы дарыкана. Иллюстрациялык сүрөт

Өзбекстанда «Андижан Дори-Дармон»...

ДЕН СООЛУК 2019-05-24  16:20

Жалал-Абаддагы өрттөн эки киши жабыркады

Жалал-Абаддагы өрттөн эки киши жабыркады

Облустук ооруканадан "Азаттыкка" билдиришкендей, өрт...

ДЕН СООЛУК 2019-05-10  18:19

Өзбекстанда психиатриалык оорукана дарыгерлери бейтаптарды...

Өзбекстанда психиатриалык оорукана дарыгерлери бейтаптарды...

Ташкенттеги психиатриалык ооруканада дарыланып жаткан бейтаптардын туугандары клиника...

ДЕН СООЛУК 2019-05-02  14:47

Президент Жээнбеков: Дени сак өлкө, дени сак улут – мамлекеттин...

Президент Жээнбеков: Дени сак өлкө, дени сак улут – мамлекеттин...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-апрелде, Ош шаардык клиникалык...

ДЕН СООЛУК 2019-04-22  13:07

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанды

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанды "медициналык туризм"...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-апрелде Ош шаарындагы кыргыз-түрк...

ДЕН СООЛУК 2019-04-22  13:44