KELECHEK
rek

Ашхабадда күрүч жана шекер үчүн кезек күткөндөр көбөйдү

Ашхабадда күрүч жана шекер үчүн кезек күткөндөр көбөйдү

Ашхабад шаарындагы мамлекеттик дүкөндөрдүн алдында шекер, күрүч жана өсүмдүк майын сатып алууну каалаган адамдардын узун кезектери пайда болду. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы кабарлады.

«Кезек күткөндөрдүн саны 100гө чейин жетип кетүүдө. Алардын арасында жаш баласын жетелеген аялдарды, кары-картаңдарды, өспүрүмдөрдү көрүүгө болот. Алар кезекке таң эртеден эле туруп жатышат. Шекер, күрүч жана өсүмдүк майы дүкөндөрдүн арткы эшиктери аркылуу сатылып жатат», - деп билдирди радионун кабарчысы.

Маалыматка караганда, учурда мамлекеттик дүкөндөрдө күрүч ар бир адамга үч, шекер бир гана килограммдан сатылууда. «Шекердин килограммы сегиз манат (2,5 доллар), күрүчтүкү жети манат (2 долларга жакын). Ошол эле маалда жеке дүкөндөрдө күрүч 20 манаттан (алты долларга жакын), шекер 12 манаттан (үч жарым доллар) сатылууда», — деп билдирди кабарчы.

Расмий бийлик өкүлдөрү эмне себептен азык-түлүккө чектөө киргизилгенин түшүндүрө элек.

Түркмөнстанда акыркы эки жылдан бери күнүмдүк керектелчү негизги азык-түлүк товарларынын тартыштыгы байкалууда. Буга чейин бир нече жолу шекер, жумуртка, өсүмдүк майы, ун менен нан тартыш болуп, мамлекеттик дүкөндөрдүн алдына кезектер пайда болгон.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...