Назарбаевге "ардактуу сенатор" наамы ыйгарылды
Казакстан сенатынын депутаттары 3-майда өткөн жалпы жыйында мурдагы президент Нурсултан Назарбаевге “ардактуу сенатор” деген наам ыйгарышты. Жыйындын бардык катышуучулары демилгени бир добуштан колдошту.
Казакстандын убактылуу президенти Касым-Жомарт Токаев кызматка киришүү аземинде Назарбаевге “ардактуу сенатор” наамын ыйгарууну сунуштаган.
29-майда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынында Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев Нурсултан Назарбаевге уюмдун ардактуу төрагасы деген наам ыйгарылганын жарыялаган.
Жыйын алдында Назарбаев Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековду, Орусиянын президенти Владимир Путинди жана Беларус президенти Александр Лукашенкону Нурсултан Назарбаев ордени менен сыйлаган.
Назарбаевге “Ардактуу сенатор” наамы Казакстан мамлекетинин түптөөчүсү, Конституцияны, адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоону камсыздоочу, өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегиялык курсун аныктоочу катары ыйгарылганы белгиленген.
Казакстанды дээрлик 30 жыл башкарган Нурсултан Назарбаев 19-майда кызматын тапшырган. Ал "Нур Отан" партиясынын лидери жана Коопсуздук кеңешинин төрагасы бойдон калды, Назарбаев бул кызматтарда Казакстандын ички жана тышкы саясатын аныктоо боюнча олуттуу ыйгарым укуктарга ээ.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52