KELECHEK
rek

Президент Сооронбай Жээнбеков Нью-Дели шаарында Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков Нью-Дели шаарында Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 30-майда, Индия Республикасына иш сапарынын алкагында Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушту.

Эске салсак, Мамлекет башчысы Индияга Нарендра Модинин чакыруусу менен анын инаугурациясына катышуу үчүн келген.

Сооронбай Жээнбеков Нарендра Модини «Бхаратия Джаната парти» партиясынын парламенттик шайлоодогу ишенимдүү жеңиши жана Нарендра Модинин Индиянын Премьер-министри болуп кайра шайланышы менен куттуктады.

«Шайлоолордун жыйынтыгы Сиз жүргүзгөн олуттуу реформаларга жана аткарып жаткан маанилүү иш-чараларга Индия элинин көрсөткөн чоң ишенимин далилдейт. Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы достук жана өз ара ишенимдүү кызматташтык үзгүлтүксүз бекемделет деген ишенимдемин», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал Нарендра Модини Кыргызстанда жакында боло турчу расмий визити менен күтүп жатышканын эске салып, визит жогорку деңгээлде, жемиштүү жана ийгиликтүү өтөөрүнө ишенимин билдирди.

Нарендра Моди куттуктоолор үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан жана Индия ар тараптуу кызматташуунун көп жылдык мамилелерине ээ дос өлкөлөр экендигин баса белгиледи. Ал Индия тарап Кыргызстан менен ар тараптуу мамилелердин мындан аркы өнүгүүсүнө кызыкдар экенин белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков жана Премьер-министр Нарендра Моди эки тараптуу жана эл аралык уюмдардын алкагында кызматташтыктын кеңири спектри боюнча маселелерди талкуулашты.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12