KELECHEK
rek

Дональд Туск Памирдеги мөңгүлөрдүн абалына тынчсыздануусун билдирди

Дональд Туск Памирдеги мөңгүлөрдүн абалына тынчсыздануусун билдирди

Тажикстанга жасаган иш сапарынын алкагында Тоолуу Бадахшан автоном облусуна барган Европа кеңешинин башчысы Дональд Туск «Фейсбуктагы» баракчасына Сарез көлүнүн бир нече сүрөтүн жарыялады.

«Мында климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин көрүүгө болот. Беш мөңгү жоголуп, суунун деңгээли жогорулап жатат. Климаттын өзгөрүшү — бул дүйнөлүк көйгөй жана аны биргеликте чечишибиз керек», — деп жазды ал.

Сарез көлү 1911-жылы катталган 7 баллдык жер титирөөдөн кийин пайда болгон. Адистер табият кырсыгынан улам жаралган плотина бекем эмес экенин жана дагы бир жолу катуу жер силкинүү болсо бузулуп, жакынкы аймактарды капташы мүмкүн деген божомолдорду айтып келишет.

2000-жыл Казакстан, Тажикстан, Кыргызстан жана Өзбекстан өкмөт башчылары Сарез көлүндөгү көйгөйлөрдү чечүү үчүн каржылык жана интеллектуалдык жардам сурап эл аралык коомчулукка кайрылган. Ошол эле жылы тобокелдикти азайтуу боюнча эл аралык долбоор ишин баштаган.

Ушул жуманын башында Европа кеңешинин сайты Дональд Туск Борбор Азия өлкөлөрүнө жасаган сапарынын жүрүшүндө Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана мурдагы казак лидери Нурсултан Назарбаев менен жолуга турганын кабарлаган.

«Күн тартибинде аймактык жана эки тараптуу кызматташтык, климаттын өзгөрүшү, айлана-чөйрөнү коргоо, чек араларды башкаруу малелелеринен тышкары аймактын коопсуздугу дагы маанилүү орунда турат»,— деп жазылган кеңештин расмий сайтындагы билдирүүдө.

15-майда Европа комиссиясы Борбор Азиядагы мурдагы советтик республикалар менен «бекем, заманбап, үзгүлтүксүз өнөктөштүктү» жаратуу үчүн жаңы стратегия кабыл алган.

Расмий маалыматтарга ылайык, 2007-жылдан 2014-жылга чейин Европа биримдиги Борбор Азия өлкөлөрүнө 750 миллион доллардан ашык каражат берген. Бул сумманын негизги бөлүгүн Кыргызстан менен Тажикстан алган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52