KELECHEK

Түркияда 74 аскер кызматкери өмүр бою эркинен ажыратылды

Түркияда 74 аскер кызматкери өмүр бою эркинен ажыратылды

Стамбул, Түркия. 16-июль 2016-жыл

Түркияда 2016-жылдагы аскердик төңкөрүш аракетине катышкандыгы үчүн 74 аскер кызматкери өмүр бою эркинен ажыратылды. Алардын 56сы жаза мөөнөтүн катаал режимдеги абактарда өткөрүшөт. Бул тууралуу Anadolu агенттиги кабарлады.

Жалпысынан Анкарада мамлекеттик төңкөрүш аракетине байланышкан иштер боюнча шектүү катары 152 адам өтүүдө. 31 иш боюнча актоо өкүмү чыккан.

Соттун маалыматына караганда, мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылгандар Түркиянын Башкы штабынын мурдагы башчысы Хулуси Акарды барымтага алып, Акынжи авиабазасынан түрк премьер-министринин резиденциясына жеткиришкен. Аны учагы менен алып барган учкуч Угур Капан 29у өмүр бою эркинен ажыратылды (жалпысынан 4000 жыл).

​Түркияда аскердик төңкөрүш аракети 2016-жылы 16-июлга караган түнү болгон. Аны бийлик күч менен токтотуп калган. Жалпысынан анда 250дөн ашык киши каза болуп, 2200ү жаракат алган. Андан кийин өлкөдө аскердик абал киргизилген. Төңкөрүш аракетине байланышкан алгачкы сот отурумдары 2017-жылы декабрдын аягында башталып, 2018-жылы январда алгачкы өкүмдөр чыгарылган.

Turkey Purge укук коргоо сайтынын маалыматына караганда, мамлекеттик төңкөрүш аракетинен кийин 500 миңден ашык кишиге кылмыш иши козголуп, алардын 96 миңден ашыгы камакка алынган.

Анкара төңкөрүш жасоо аракетинин артында 1999-жылдан бери АКШда жашап жүргөн ислам диниятчысы Фетхуллах Гүлен турат деп эсептейт. Түрк бийлиги аны АКШдан өткөрүп алууга аракет кылып келет, бирок азырынча анысынан майнап чыга элек.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Өзбекстанда

Өзбекстанда "Адабият гезитине" азыркы режимди сындоого тыюу салынды

Өзбекстан президентинин администрациясынын Маалымат жана байланыш агенттиги “Адабият...

Гүлнара Каримова Мирзиёевден жардам сурады

Гүлнара Каримова Мирзиёевден жардам сурады

Өзбекстандын мурдагы президентинин кызы Гүлнара Каримова гумандуу болуу...

Гүлнара Каримованын швейцариялык адвокаты кайрадан Ташкентке келди

Гүлнара Каримованын швейцариялык адвокаты кайрадан Ташкентке келди

Өзбекстандын маркум президентинин улуу кызы Гүлнара Каримованын...

Түркмөнстан президенти уулун губернатор кылып дайындады

Түркмөнстан президенти уулун губернатор кылып дайындады

Сердар Бердымухамедов

Түркмөнстандын президенти...

Адвокат Гүлнара Каримованын абалы начар экенин билдирди

Адвокат Гүлнара Каримованын абалы начар экенин билдирди

Гүлнара Каримованын швейцариялык адвокаты Грегуар Манжа (Grégoire Mangeat) Зангиата...

Гүлнара Каримованын кызы өзбек бийлигине кайрылды

Гүлнара Каримованын кызы өзбек бийлигине кайрылды

Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримовдун 21 жаштагы небереси Иман Каримова...

Египеттин мурдагы президенти Мохаммед Мурси сот залында каза болду

Египеттин мурдагы президенти Мохаммед Мурси сот залында каза болду

Мухаммед Мурси сот залында. Декабрь, 2015-жыл.

Египеттин экс-президенти жана «Мусулман...