Жээнбеков, Лукашенко жана Путин «Назарбаев ордени» менен сыйланды
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 28-майда Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековду, Орусиянын президенти Владимир Путинди жана Беларус президенти Александр Лукашенкону Нурсултан Назарбаев ордени менен сыйлады.
Аларга бул орден «Евразия экономикалык интеграция идеясынын 25 жылдыгына, ошондой эле Евразия экономикалык биримдигинин түзүлгөндүгүнүн 5 жылдыгына байланыштуу жана Казакстан менен алаканы тереңдетүүгө кошкон салымы үчүн» ыйгарылды.
Аны экс-президент Нурсултан Назарбаев өзү тапшырды.
Сооронбай Жээнбеков жолугушууда Нурсултан Назарбаевдин Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы бир туугандык мамилелерди орнотуп, бекемдөөгө кошкон жеке салымын белгиледи.
Мурдагы президент Нурсултан Назарбаев атындагы орден Казакстандын өнүгүшүнө салым кошкон адамдарга жана мамлекет башчыларга берилет.
Сооронбай Жээнбеков Казакстандагы иш сапарынын алкагында президент Касым-Жомарт Токаев менен да эки тараптуу кызматташтыкты, анын ичинде Евразиялык Экономикалык Биримдигинин алкагындагы актуалдуу маселелерин талкуулады.
Жээнбеков Казакстанга Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин 28-29-майда Нур-Султан шаарында өтө турган мааракесине катышуу үчүн барды.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52